Кыргызстандын банк секторунда рублге суроо-талап жогорулаганы байкалууда

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүРубль акчасы. Архивдик сурөт
Рубль акчасы. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
Мындай көрүнүшкө Кыргызстан менен Россиянын экономикалык интеграциясы таасир эткен.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстандын банк секторунда Россиянын рублине суроо-талап жогорулаганы байкалды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Финансылык көзөмөлдөөчү своп-операциялар рыногунун маалыматтарын келтирди.
Своп — бул активдердин заманбап алмашуусу (баалуу кагаздар жана валюта). Операциянын катышуучулары белгилүү бир убакыт аралыгында бул активдерди бири-бирине кайтарып берүүгө милдеттендирилет. Бул нерсе валюталык коркунучтардан сактанууга жардам берет.

"Доллар/рубль своп-операциялары жогорулап, 2,9 миллиард рублди (II кварталда 2,6 миллиард) түздү. Бул нерсе банк секторундагы катышуучулар тарабынан рублге болгон суроо-талаптын жогорулашынан кабар берет", — деп айтылат банктын отчётунда.

Улуттук банк Кыргызстан менен Россиянын экономикалык интеграциясы коммерциялык банктардын своп-операция рыногундагы активдүүлүгүнө таасир этип жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0