Москвадан Кыргызстанга аба каттамдарынын саны көбөйүүдө. График

© Photo / Social media page of aeronomad.kgAero Nomad Airlines авиакомпаниясы. Архивдик сүрөт
Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
Каттамдар Airbus — 320 учактары менен аткарылмакчы.
БИШКЕК, 7-дек.— Sputnik. Ата мекендик Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы Москвадан Кыргызстанга каттамдардын санын көбөйтүп жатканын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, каттамдар Airbus — 320 учактары менен аткарылмакчы. 5-декабрдан тарта Москва — Ош багыты боюнча шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү каттай баштады. Ал эми 9-декабрдан баштап Москвадан Бишкекке дүйшөмбү, шаршемби, ишемби күндөрү учса болот.
Манас аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
"Манас" аэропорту былтыркыга салыштырмалуу быйыл 50 пайызга көп жүргүнчү тейледи
Жаңылыктар түрмөгү
0