Путин: батыш элитасы рыноктук принциптерди жокко чыгарууга чейин барды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРФ лидери Владимир Путин "Россия зовёт!" инвестициялык форумунда
РФ лидери Владимир Путин Россия зовёт! инвестициялык форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Батыш элитасы рыноктук экономиканын принциптерин жокко чыгарууга чейин барышты. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин "Россия зовёт!" инвестициялык форумунда билдирди.
“Глобализация системасы калыптанып жатканда “баары бирдей шартта, чек аралар ачык болушу керек. Кандай гана учур болбосун жаппаш керек” дешти эле. Бирок атаандаштар пайда болору менен өз чек арасын жаба башташты. Мына силерге принцип”, — деди Путин.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө батыш элитасынын арты менен кээ бир туруктуу деп элестетилген постулаттар жокко чыгарылды.
“Мисалы, менчик укугу. Европалык юрисдикция ишенимден чыкты. Анткени аларда “өзүбүздүкү – өзгөнүкү” деген принцип иштейт. Өзгөлөрдүкүн тоноп, активдерин тоңдуруп, тартып алып, керек болсо “Түндүк агымдай” жок кылып салса болот. Дүйнөдөгү атаандаштык күрөшү мына ушундай болуп жатат. Бул эрежелердин кимге кереги бар?” — деди президент.
Россия президенти Владимир Путин Россия зовет! инвестициялык форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Путин: Батыштын ири банктарынын монополиясынын кыйроосу күтүлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0