Россия атайын операцияны 90 жыл мурунку ачкачылыкка теңеген Батышка жооп берди

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Дмитрий Полянский
Россиянын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Дмитрий Полянский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
АКШ президенти Жо Байден өз билдирүүсүндө Украинада 1932-1933-жылдары өкүм сүргөн ачкачылыкты "Иосиф Сталиндин адамгерчиликсиз саясаты менен советтик режимдин натыйжасы" деп атаган.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Батыш ачкачылыкка тушукту деген Украинадан кандайча 50 миллион тонна эгин Европага ташылууда? Россиянын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү Дмитрий Полянский кезектеги жыйында ушундай суроо узатты.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ президенти Жо Байден өз билдирүүсүндө Украинада 1932-1933-жылдары өкүм сүргөн ачкачылыкты "Иосиф Сталиндин адамгерчиликсиз саясаты менен советтик режимдин натыйжасы" деп атаган. Анын айтымында, бийлик "украин улутунун иденттүүлүгүн жок кылуу үчүн" өлкө эгинин СССРдин башка аймактарына күчкө салып чыгарып кетип турган. Байден 90 жыл мурунку болгон апаат азыркы атайын аскердик операция менен үндөшүп жатканын белгилеген.
"Батыш Украина кайрадан ачкачылыкка кептелгенин айтууда. Ошол ачкачылыкка тушукту деген Украинадан 50 миллион тонна эгин Европанын бардар мамлекеттерине кандайча ташылып чыгып жатат? Анда Батыш "ачкачылыкты" шарттаган тарап болуп, чек арада украин фураларын тосуп турган Чыгыш Европанын жүк ташуучулары "ачкачылык" менен күрөшүп жаткан болуп калабы?" — деди Полянский.
Буга чейин Россиянын АКШдагы элчилиги да үн катып, 1930-жылдары болгон окуяны азыркы атайын операция менен салыштыруу тарыхты бурмалоо болуп саналарын белгилеген.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Дмитрий Полянский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин БУУдагы өкүлү: АКШ менен союздаштары украиналыктар үчүн баш оорутпайт
Жаңылыктар түрмөгү
0