Россияда президенттик шайлоо кийинки жылы 17-мартта өтөт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүШайлоо участогундагы урна. Архивдик сүрөт
Шайлоо участогундагы урна. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Федерация кеңеши (Россиянын жогорку палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгиледи. Тийиштүү токтом палатанын бейшемби күнкү жыйынында кабыл алынганын РИА Новости жазды.
"Россия президентин шайлоо күнү 2024-жылдын 17-мартына белгиленсин. Токтом жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет", — деп айтылат документте.
Буга чейин Федерация кеңешинин Конституциялык комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Полетаев токтом расмий жарыяланган күндөн тарта "шайлоо кампаниясына старт" берилерин билдирген. Анын айтымында, шайлоо күнү майрам күн катары жарыяланбайт.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Икрамов шайлоого келбегендерге айып салуу демилгесин чакыртып алды
Жаңылыктар түрмөгү
0