Парламентте Саякбай Каралаев атындагы сыйлык уюштуруу сунушталды

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүУлуу манасчы Саякбай Каралаев. Архивдик сүрөт
Улуу манасчы Саякбай Каралаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
Сыйлык тапшырууну кийинки жылы манасчынын 130 жылдык мааракесине карата баштоо кажет.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев улуу манасчы Саякбай Каралаев атындагы сыйлык уюштурууну сунуштады.
Ал "Манас" эпосун Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жайылткандарга медаль же орден берүү керек деп эсептейт. Муну кийинки жылы манасчынын 130 жылдыгында баштоо кажет.
"Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты деле берип жатпайбызбы. Дүйнөдө Манаска кызыккандар көп болуп жатат, манас айткан башка улуттар пайда болду. "Манас" эпосу аркылуу кыргыз маданиятын дүйнөгө жайылтуу максатында ушул сыйлыкты уюштурсак. Дүйнөдө эң чоң эпос "Манас", демек, бул сыйлык манасчыларды шыктандыруу жана башка улуттарга жеткирүү үчүн керек", — деди Түлөбаев.
Саякбай Каралаевдин айтуусунда жазылган "Манас" эпосунун вариантынын жалпы көлөмү 500 553 ыр сабын түзөт. Дүйнө элинин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин "Илиада" жана "Одиссеясынан" 20 эсе, "Шахнамеден" беш эсе, "Махабхаратадан" эки эсе чоң.
Залкар манасчы 1894-жылы 7-сентябрда Ысык-Көлдөгү Ак-Өлөңдүн Семиз-Белинде туулган.
Кыргыз окумуштуусу, академик Абдылдажан Акматалиевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
Матвиенко менен Шакиев кыргыз окумуштуусуна Ч. Айтматов атындагы сыйлык тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0