Сүт өндүрүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБде алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди

© Sputnik / Денис АбрамовСүт. Архивдик сүрөт
Сүт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
2018-жылдан 2022-жылга чейин өлкө боюнча жалпы сүт өндүрүү 144 миң тоннадан 1 миллион 734 миң тоннага чейин өскөн.
БИШКЕК, 7-дек.— Sputnik. Киши башына сүт өндүрүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБде 3-орунда турат. Мындай жыйынтыкты ЕАЭБдин 2018-2022-жылдар аралыгындагы статистикалык маалыматтарынан улам чыгарса болот.
Киши башына сүт өндүрүү боюнча 2022-жылга алынган маалымат:
Беларусь — 853 килограмм;
Казакстан — 324 кг;
Кыргызстан — 249 кг;
Россия — 225 кг;
Армения — 210 кг.
2018-жылдан 2022-жылга чейин өлкө боюнча жалпы сүт өндүрүү 144 миң тоннадан 1 миллион 734 миң тоннага чейин өскөн.
Супермаркеттеги кардар. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Кыргызстан эки жылдан бери ЕАЭБде чекене соода боюнча биринчиликти бере элек
Жаңылыктар түрмөгү
0