Бишкекте мектеп жана жаштар театрынын фестивалы өтөт. Кирүү акысыз

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучуларынын театр фестивалы. Архивдик сүрөт
Мектеп окуучуларынын театр фестивалы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
Иш-чараны “Русский дом” менен "Биз — мекендештер" фонду уюштурууда.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкекте мектеп жана жаштар театрынын "Русская премьера" аталышындагы XIV фестивалы өтөт.
Иш-чара 12-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын чоң сахнасында өткөрүлөт. Башталышы 10:00, кирүү акысыз.
Сахнада Бишкек, Токмок, Кайыңды жана Новопавловка айылдарындагы 12 чыгармачылык коллектив өнөрүн тартуулайт. Алар классикалык жана заманбап чыгармалардын фрагменттерин көрсөтүшөт.
Спектаклдерди кесипкөй калыстар тобу баалайт. Жеңүүчүлөргө жана лауреаттарга белек жана дипломдор берилет.
Иш-чараны Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) менен "Биз — мекендештер" фонду уюштурууда.
Кылым карытар бир күн спектакли. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Бишкекте 6 өлкөнүн артисттери Айтматовдун чыгармалары боюнча спектакль коюшат
Жаңылыктар түрмөгү
0