Министр кышында жарык кайсы учурда өчүрүлө турганын айтты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЭнергетика министри Таалайбек Ибраев. АКрхивдик сүрөт
Энергетика министри Таалайбек Ибраев. АКрхивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кышында эгер трансформаторлорго көп күч келсе электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирди.
Анын айтымында, кышында көмөк чордондорго күч келсе, электр энергиясын жөнгө салуу үчүн жарык өчүрүлөт. Бирок көпкө эмес. Башка линияга кошуу үчүн 1-1,5 саат убакыт керектелет.
"Быйылкыдай кышка даярдык эч качан болгон эмес. Көпчүлүк жерлерде жабдуулар алмаштырылып, дизель генераторлору, машиналар сатып алынды. Ноябрдын жылуу болушу күч топтоого мүмкүнчүлүк берди", — деген ал.
Электр эсептегичтерин алмаштыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Министр: кыргызстандыктарды акылдуу эсептегичке толук өткөрүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0