Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде лидерлердин катарына кирет

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Беш миң сомдук купюра жана диаграмма. Иллюстративдик сүрөт
 Беш миң сомдук купюра жана диаграмма. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
Пандемияны эске албаганда акыркы беш жылда Кыргызстандын экономикасы кеминде 3,8 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБде лидер өлкөлөрдүн катарына кирет. Мындай жыйынтыкты ЕАЭБдин 2018-2022-жылдар аралыгындагы статистикалык маалыматтарынан улам чыгарса болот.
Кыргызстанда ИДПнын өсүшү боюнча маалымат жана башка лидер мамлекеттердики менен салыштыруу:
2018 — 3,8 пайыз (Армения (5,2 пайыз) менен Казакстандан (4,1 ) кийин). Бул ЕАЭБдин орточо көрсөткүчүнөн 3 пайыз жогору турат;
2019 — 4,6 пайыз (7,6 пайызы менен Армениядан кийин). ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч — 4,2 пайыз;
2020 — бул жыл пандемияга туура келгендиктен, бардык өлкөнүн экономикасында жылыш болгон эмес;
2021 — 5,5 пайыз (Армения (5,8 пайыз) жана Россиядан (5,6 пайыз) кийин). ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч — 5,4 пайыз;
2022 — 6,3 пайыз (Армениядан кийинки орун. Бул мамлекеттики 12,6 пайызды көрсөткөн). ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч — 1,6 пайызга төмөн.
Супермаркеттеги кардар. Архивное фото  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Кыргызстан эки жылдан бери ЕАЭБде чекене соода боюнча биринчиликти бере элек
Жаңылыктар түрмөгү
0