Москвада КР төрагалыгы алдында КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйыны өттү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев100-е юбилейное заседание Экономического совета стран СНГ в Москве
100-е юбилейное заседание Экономического совета стран СНГ в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Жазылуу
Жыйын соңу менен 12 документ кабыл алынды.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 100-юбилейлик жыйыны өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев төрагалык кылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Касымалиев сөзүндө кеңеш өзүнүн 24 жылдык ишмердүүлүгүндө "Шериктештик талаасындагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун" белгиледи.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 100-юбилейлик жыйыны өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев төрагалык кылды.

Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 100-юбилейлик жыйыны өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев төрагалык кылды. - Sputnik Кыргызстан
1/3

Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 100-юбилейлик жыйыны өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев төрагалык кылды.

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Касымалиев сөзүндө кеңеш өзүнүн 24 жылдык ишмердүүлүгүндө "Шериктештик талаасындагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун" белгиледи.

Касымалиев сөзүндө кеңеш өзүнүн 24 жылдык ишмердүүлүгүндө "Шериктештик талаасындагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун" белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
2/3

Касымалиев сөзүндө кеңеш өзүнүн 24 жылдык ишмердүүлүгүндө "Шериктештик талаасындагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун" белгиледи.

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев

Жыйындын күн тартибинин алкагында маалыматтык-аналитикалык блокту эске алуу менен 12 маселе жана документтер каралып, кабыл алынды:

Жыйындын күн тартибинин алкагында маалыматтык-аналитикалык блокту эске алуу менен 12 маселе жана документтер каралып, кабыл алынды: - Sputnik Кыргызстан
3/3

Жыйындын күн тартибинин алкагында маалыматтык-аналитикалык блокту эске алуу менен 12 маселе жана документтер каралып, кабыл алынды:

1/3

Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 100-юбилейлик жыйыны өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев төрагалык кылды.

2/3

Касымалиев сөзүндө кеңеш өзүнүн 24 жылдык ишмердүүлүгүндө "Шериктештик талаасындагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун" белгиледи.

3/3

Жыйындын күн тартибинин алкагында маалыматтык-аналитикалык блокту эске алуу менен 12 маселе жана документтер каралып, кабыл алынды:

"Экономиканын түрдүү тармактарындагы эң татаал көйгөйлөр чечилип, көп тараптуу өз ара аракеттенүү механизмдери түзүлдү, стратегиялык жана концептуалдык деңгээлдеги документтер иштелип чыкты. Юбилейлик жыйында Экономикалык кеңеш тарабынан бардыгы болуп 1600дөн ашык интеграциялык маселелердин каралгандыгын баса белгилегим келет. Даярдалган маанилүү документтердин арасында 2020-жылга жана 2030-жылга чейинки мезгилдеги Экономикалык өнүгүү стратегиялары, Эркин соода келишими жана пайда болгон көйгөйлөргө чара көрүү боюнча биргелешкен чаралардын тизмеси бар. Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында, кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, 2020-жылга жана 2030-жылга чейин инновациялык кызматташуунун мамлекеттер аралык программалары боюнча маанилүү келишимдер кабыл алынды", — деди Касымалиев.
Жыйындын күн тартибинин алкагында маалыматтык-аналитикалык блокту эске алуу менен 12 маселе жана документтер каралып, кабыл алынды:
"Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу";
"2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоору жөнүндө";
"Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө";
"2035-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө мамлекеттердин энергетика тармагында кызматташуу концепциясынын долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча алгачкы чаралардын планы жөнүндө";
"Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 2018–2022-жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө";
"КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жана аларды четтетүү боюнча сунуштар жөнүндө";
"Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 2030-жылга чейинки мезгилге экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун этаптарын колдоо боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү 2024–2030-жылдарга иш-чаралардын тизмесинин долбоору жөнүндө";
"2024-2026-жылдарга Казакстандын материал таануу токамактары боюнча илимий изилдөөлөр программасы жөнүндө";
"Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин базалык уюмдарын түзүү жөнүндө";
"2024-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө чыгымдардын сметасы жөнүндө";
"2024-жылга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин бюджеттен тышкаркы фонддорунун кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасы жөнүндө";
"Маалыматтык, аналитикалык жана маалымдама материалдары жөнүндө".
Аягында өкмөт башчынын орун басары 2024-жылга КМШ Экономикалык кеңешинин төрагалыгын Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукка өткөрүп берди.
Минск шаарында КМШнын аткаруу комитетинде аталган уюмга мүчө мамлекеттердин уставдык жана башка органдарынын алдындагы Туруктуу өкүлдөрдүн кеңешинин отуруму болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Беларуста өткөн КМШ кеңештеринин биринин жыйынына Султанбаев төрагалык кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0