Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алманбет уулу: Бишкек ЖЭБинин кампасында 310 миң тонна көмүр бар

© Sputnik / Асел АкматБишкек ЖЭБинин коопсуздук техникасы жана ишмердүүлүк кызматынын башчысы Байыш Алманбет уулу
Бишкек ЖЭБинин коопсуздук техникасы жана ишмердүүлүк кызматынын башчысы Байыш Алманбет уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Жазылуу
Бишкек ЖЭБинин коопсуздук техникасы жана ишмердүүлүк кызматынын башчысы Байыш Алманбет уулу кыш мезгилине карата даярдыктар тууралуу айтты.
Бүгүнкү күндө Бишкек жылуулук электр борборунун кампасында 310 миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу Байыш Алманбет уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алманбет уулу: Бишкек ЖЭБинин кампасында 310 миң тонна көмүр бар
Анын айтымында, Бишкек ЖЭБи кышка даяр.
"Биз кыш мезгилине жаздан баштап эле даярданып келебиз. Былтыр кыш бүткөндөн кийин от казандарды чыгарып, ремонттон өткөрүп баштаганбыз. Түтүк агрегаттары да графиктин негизинде көзөмөлдөнүп турат. Азыркы кезде Бишкек ЖЭБинин кампасында 310 миң тонна көмүр бар. Кышка даярдыктар жалпысынан жакшы деп айта алабыз. Бирок техникага кепилдик жок. Күтүлбөгөн жагдайлар да болуп кетиши мүмкүн. Учурда алдыда маселе жаралбашы үчүн колдон келген аракеттердин баары көрүлүүдө. Кызматкерлер шаар тургундарынын жылуулугу үчүн күнү-түнү иштеп жатат", — деди Алманбет уулу.
Ал пайда болгон мүчүлүштүктөрдү кызматкерлер дароо оңдоого аракет кылып келишерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0