Базарлардын администрациясы соодагерлер үчүн ижара акыны арзандатууну чечти

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарындагы "Орто-Сай" базары. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарындагы Орто-Сай базары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Жазылуу
Кеп "Орто-Сай", "Аламүдүн", "Оберон" жана "Дордой" базарлары жөнүндө болууда.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектеги базарлардын администрациясы соодагерлер үчүн ижара акыны төмөндөтүүнү чечти. Бул тууралуу "Апенди бизнесмен" Telegram-каналы кабарлады.
"Оберон" рыногунун жетекчилиги ижарачыларга 20 пайыз, "Дордойдуку" 30 пайыз, "Аламүдүндүкү" 30-50 пайызга төмөндөтүүгө даяр экендигин айткан.

"Орто-Сай" базары дагы жеңилдик берүү ниетинде. Соода борборлордун ээлери министрлер кабинетинин салык реформасын ушундай жол менен колдоону чечишкен", деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн базарлардагы ижара акысын кеминде эки эсе азайтуу керектигин айткан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев . Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Базарлардагы митинг. Ташиев уюштуруучуларды табууну тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0