Ызгаардуу суук башталат. Кыргызстанда 16-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСуук аба ырайында көчөдө бара жаткан бала. Архивдик сүрөт
Суук аба ырайында көчөдө бара жаткан бала. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
Синоптиктер 9-декабрдан тарта өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөп, 14-декабрда айрым жерлерде абанын температурасы түнкүсүн -24 градуска чейин жетерин билдирди.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 16-декабрга чейин Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Чүй жана Талас облустары

10-декабрда күн ачык болот. 11-12-декабрда жана 13-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Эртеси ачылып, 15-декабрдан тарта кайрадан кар жаашы мүмкүн.

Ош облусу

Аймакта 10 жана 15-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Аптанын калган күндөрүндө жаан, кар жаашы божомолдонууда. 11-12-декабрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

10-декабрда түнкүсүн тоолуу аймактарда кар жаап, күндүз күн ачык болот. Бирок 11-12-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлүүдө. Күндүн көзү 13-14-декабрда ачылып, андан кийин кайрадан кар жаайт.

Баткен облусу

Аймакта 11-декабрдан тарта жаан-чачын болот. 11-12-декабрда шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

10-декабрда күндүз күн ачык болушу ыктымал. Андан соң апта аягына чейин жаан, кар жаашы күтүлүүдө.
Адис Эрулан Токторбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2023
Радио
Унааны кышка даярдоодо эмнеге көӊүл буруу керек?
Жаңылыктар түрмөгү
0