Зилзаланы болжоп болбойт. Кыргызстандагы жер титирөөлөр тууралуу маек

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖер титирөөнүн кесепети. Архивдик сүрөт
Жер титирөөнүн кесепети. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
Бир жыл аралыгында Кыргызстанда он миңге чейин жер алдындагы силкинүү катталат. Ошол эле учурда өлкөнүн ири калаалары сейсмикалык тобокелдик зоналарында жайгашкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, республиканын 75 пайыздан ашуун калкы жер титирөөнүн болжолдуу очокторунда жашайт. Жер алдындагы силкинүүлөрдүн табияты жана аларды жоромолдоо мүмкүнчүлүгүн окумуштуулар кантип изилдей турганы боюнча Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов айтып берди.
© Sputnik / Акбар АкжигитовКР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдырахматов
Президент Национальной академии наук КР Канатбек Абдырахматов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
КР Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдырахматов
— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарыялаган маалыматтар боюнча эмне дейт элеңиз?
— Жер титирөө болуп калышы ыктымал же катуу силкинүү толкундары туюларлык аймак сейсмикалык кооптуу зона болуп саналат. Эгер ушул көз караштан алып карасак, анда Кыргызстандын территориясынын 95 пайызы сейсмологиялык жактан кооптуу зонада деп айтар элем.
Сейсмикалык кооптуу зонанын дагы бир түшүнүгү бар, бул – катуу жер титирөөлөрдүн очогу пайда болгон жерлер. Алар алда канча тар жана бийик тоо кыркалары жана ойдуңдардын ортосундагы чектешкен жерлерде жайгашкан. Алардын аянты кыйла чакан. Анткен менен тогуз баллдык жер титирөө болсо, анда очогу Бишкектен кырк чакырым нары болмок. Борбор калаадагыларга 8 баллдык жер силкинүү сезилет. Демек, Бишкектин өзү сейсмикалык кооптуу зонада эмес, бирок андай аймактардагы жер титирөөлөрдөн улам катуу силкинүүнү туят. Тилекке каршы, өлкөбүздүн дээрлик бардык ири калаа жана кыштактары сейсмикалык окуялардын очогунан улам абдан катуу толкундар боло турган зоналарда жайгашкан.
— Эмне үчүн сейсмологдор жер титирөө кайсы күнү, саат канчада болорун так айта албайт?
— Японияда дээрлик ар чакырым сайын катуу силкинүүлөрдү эскертип же каттап турган датчиктер бар. Бирок ошончолук жабдылганы менен алар да жер титирөөнү алдын ала так айта албайт. Аба ырайын болжоо оңой, ошентсе да синоптиктер да жаңылган учурлар болот. Булут, шамалдын багыты, чагылгандын көрүнгөн бетин байкап, алардын жылышына көз салууга болот. Ал эми бут алдыбыздагы 20 чакырымдык тереңдикте эмне болуп жатканын биз дээрлик эч нерсе биле албайбыз. Теорияларды чыгара берсек болот, бирок жер түбүндөгү процесстерге көз салуу үчүн жыйырма чакырымдык скважинаны эч ким бургулап көргөн эмес.
Ооба, бизге жеткен сейсмикалык толкундарды түшүндүрө алабыз, ошол маалыматтар боюнча кайсы убакыт аралыгында чабал же күчтүү жер титиреши мүмкүн экенин божомолдой алабыз. Бирок кайсы күнү, саат канчада катуу силкинүү болорун так айтуу дээрлик мүмкүн эмес.
© AFP / CHRISTIAN MIRANDAКанатбек Абдырахматов: бизге жеткен сейсмикалык толкундарды түшүндүрө алабыз, ошол маалыматтар боюнча кайсы убакыт аралыгында чабал же күчтүү жер титиреши мүмкүн экенин божомолдой алабыз. Бирок кайсы күнү, саат канчада катуу силкинүү болорун так айтуу дээрлик мүмкүн эмес.
Сейсмологический центр университета Чили - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Канатбек Абдырахматов: бизге жеткен сейсмикалык толкундарды түшүндүрө алабыз, ошол маалыматтар боюнча кайсы убакыт аралыгында чабал же күчтүү жер титиреши мүмкүн экенин божомолдой алабыз. Бирок кайсы күнү, саат канчада катуу силкинүү болорун так айтуу дээрлик мүмкүн эмес.
— Түркиядагы зилзаладан кийин кыргызстандыктар ал биздин өлкөдө да жер титирөөнү козгошу мүмкүн деп чочулашты. Ушундай нерсе мүмкүнбү?
— Кыргызстан менен Түркия ар бөлөк тектоникалык плиталарда жайгашкан. Түркия турган Эге плитасы бир жакка, Кыргызстан жайгашкан Инд плитасы башка тарапка жылат. Бул мааниде алардын ортосунда эч кандай байланыш жок.
Кээде Инд плитасынын четиндеги зилзалалардын ортосунда өз ара байланыш байкалат. Эгер ал жакта катуу жер силкинсе, анда Кыргызстанда да жер титирөө катталарын болжоого болот. Мындай мисалдар жок эмес, бир жолу Афганстандагы зилзаладан үч ай өтпөй бизде да катуу жер силкинген. Бирок окумуштуулар үчүн бир-эки факты эч нерседен кабар бербейт. Бизге колго илинерлик бир болжолдоо үчүн статистика, дурус үлгүлөр керек.
Эгер азыр сейсмикалык картага үңүлсөк, Жер бетинде дээрлик ар мүнөттө кыйла ири жер титирөөлөр болуп жатканын көрүүгө болот. Одоно түрдө, мүнөт сайын кайсы бир жерде жер силкинип турат. Ошентип, бизде жер титиресе, бир мүнөттөн кийин Жаңы Гвинеянын кай бир бурчунда да болот. Булар бири-бирине байланыштуу дегенди туюндурбайт. Болгону алар Жердин ар кайсы бөлүгүндө бири-бирине эч кандай байланышсыз боло берет.
— Жер титирөөнүн себептери кандай?
— Бул вулкандык аракет. Жасалма жер титирөөлөр да болот. Алар, маселен, тектоникалык плиталардын четиндеги Башкырстандын мунай камтыган райондорунда катталган. Анткен менен алар кыйла эле сезилет, айрымдары Москвада да туюлган. Бирок алар плиталардын жылышына таптакыр байланыштуу эмес. Жер түбүнөн эбегейсиз мунай жана суу сордурулганда ал жакта боштуктар пайда болот. Алар бир кыйрап, кайра толот. Ал эми биздин аймакта тектоникалык плиталардын ортосундагы чыңалуу толуп жана алардын тарашынын кесепетинен жер титирейт.
© AFP / BULENT KILICТүркиядагы жер титирөөнүн кесепети
Сильное землетрясение в Турции и Сирии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Түркиядагы жер титирөөнүн кесепети
— Жер канча убакытта бир силкинип турарын айтууга болобу?
— Адамдар дайым кайсы бир так мезгилди тапкысы келет, ошондой жашоо адамды жеңилдетет. Кимдир бирөө зилзала жүз жылда бир болот дешет. Эмне үчүн 100? Кыязы, элге тоголок даталар жагат окшобойбу. Анткен менен жер титирөөлөрдүн мезгил аралыгын издөөнүн кажети жок, алар бир топ башаламан болот. Мисалга баары чочулаган Ысык-Ата жаракасын алалы, ал биздин жаныбызда, дале жашап, дем алып жүрөт дегендей...
Ал жакта биз ийне-жибине чейин талданган ири изилдөөлөрдү жүргүзүп, ошол жаракада акыркы ирет 600 жыл мурун жер титирегенин аныктадык. Андан мурункусу – 4500, андан да илгеркиси 10 миң жыл мурун катталган. Балким бул аталган жаракадагы катуу зилзалалардын кайталанышы 4000-5000 жыл болгонунан кабар берер. Мындай көрүнүш биз үчүн жакшы, эгер соңкусу 600 жыл мурун болсо, демек, дагы 3500 жыл санаабыз тынч жашасак болот чыгар. Анткен менен бул деле ошол үч окуядан гана чакан үлгү, ошондуктан ага да таянууга болбойт.
Түндүк Тянь-Шандагы соңку эң ири окуяларды алалы. Беловодскинин аймагында 1885-жылы катуу жер силкинген. Андан көп өтпөй, тагыраак, 1887-жылы, кийин 1889-жылы да Верный (Алматы) калаасынын жанында өтө күчтүү зилзала болгон. Демек, үч жыл ичинде үч катуу учур катталган. Мындай окуяларды кластердик деп атайбыз. Алардын ортосунда 3000 жыл өткөн жок, алар дээрлик бир эле мезгилде болду. Геологиялык жактан алып караганда бул – дээрлик көз ирмемчелик убакыт. Биздин чөлкөмдө зилзаланын кайталанма маалы 3500 жыл деп көңүлдү жай кылып жүрө берген, албетте, жакшы, бирок башка болжолдуу варианттарды да эске алуу абзел.
— Айрымдар жер титирөөгө адамзаттын ишмердиги себеп болорун айтышат. Ушундайбы?
— Сейсмология жаатында адамзатты жемелөө куру бекер. Күчтүү очогу 20 чакырымдан кем эмес тереңдикте башталат, биз андай тереңдикте иштебейбиз. Бирок Токтогул суу сактагычын толтура башташканда биз ошол райондогу сейсмикалуулукту өлчөгөн элек. Бизде ошончолук ири көлөмдөгү суу кандайдыр бир жол менен жууп кете турган жер титирөөгө алып келбейби деген ой болгон. Ошол учурда биз уникалдуу илимий материал алдык. Көрсө, бул олчойгон суу сактагыч эң көп дегенде төрт чакырым тереңдикке таасир эте алат экен. Ошончолук эбегейсиз суу сактагычты толтуруу да жер кыртышынын үстүңкү бетине гана таасир эте алат.
© Sputnik / Георгий ЗельмаКанатбек Абдырахматов: Токтогул суу сактагычын толтура башташканда биз ошол райондогу сейсмикалуулукту өлчөгөн элек. Бизде ошончолук ири көлөмдөгү суу кандайдыр бир жол менен жууп кете турган жер титирөөгө алып келбейби деген ой болгон. Ошол учурда биз уникалдуу илимий материал алдык. Көрсө, бул олчойгон суу сактагыч эң көп дегенде төрт чакырым тереңдикке таасир эте алат экен.
Токтогульская ГЭС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Канатбек Абдырахматов: Токтогул суу сактагычын толтура башташканда биз ошол райондогу сейсмикалуулукту өлчөгөн элек. Бизде ошончолук ири көлөмдөгү суу кандайдыр бир жол менен жууп кете турган жер титирөөгө алып келбейби деген ой болгон. Ошол учурда биз уникалдуу илимий материал алдык. Көрсө, бул олчойгон суу сактагыч эң көп дегенде төрт чакырым тереңдикке таасир эте алат экен.
— Ушул тапта Сейсмология институтунун кандай милдеттери бар?
— Биздин институт 1976-жылы түптөлгөн. Ошол убакта жер титирөөлөрдү божомолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү каражат алып турганбыз. Айтмакчы, жогоруда айтып өткөндөй, мындай божомолдордун тактыгы эң төмөн деңгээлде болгондуктан, мисалы, АКШда бул максатта каражат бөлбөй калышты. Ал эми биз бул ишмердик жер кыртышынын түзүлүшү жөнүндөгү билимибизди кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деген пикирдебиз.
Бул багытта Кытай жигердүү иш алпарат. Биз бөлүнгөн каражаттын аздыгына карабастан ишти улантууга тырышып келебиз. Жер титирөөнү болжоого мүмкүндүк берген ыкмалардын бири – геомагниттик талаага көз салуу. Бизде үч станция бар, баары Бишкектин айланасында жайгашкан. Ал эми дурус бир илимий үлгү үчүн андай станциялардын саны 300 болушу шарт. Болушунча тагыраак божомол ала албаган соң ошол үч байкуш станцияга каражат сарптоонун маңызы эмне? Ошол себептен бизде негизинен иш сейсмикалык кооптуулукту баалоо жана жер титирөөлөрдү каттоого багытталган.
Бүгүнкү күндө сейсмология институту алектенген багыт кыйла келечектүү. Мамлекет бөлгөн акчаны реалдуу түрдө актоодо. Биз сейсмикалык райондоштуруунун карталарын иштеп чыгып, ири курулуштарда, маселен, ГЭС курууда корутунду чыгарып бере алабыз. Асман курулуп жаткан жерде биз сейсмикалык кичи райондоштуруу жүргүзгөнү турабыз.
— Кыргызстанда жер титирөөлөр кантип катталат?
— Бүгүнкү күндө 28 каттоо пункту бар, алардын 18и биздин, ал эми он пунктту биз Россия Илимдер академиясы менен биргеликте тейлейбиз. Кайда жер титирегенин жана тийиштүү мониторинг жүргүзүү керектигин так айтуу үчүн алар жетиштүү. Ал пункттардын иши кыйла так.
Камбар-Ата – 2 ГЭСинде плотина курулуп жатканда жардыруунун жери жана кубаттуулугу так белгилүү болчу. Ал жакка 3000 тонна жардыргыч салынып, анын жарылышы очогунда алты, жанаша жайгашкан райондордо төрт баллдык жер титирөөгө барабар болгон.
Ошондогу окуя дүйнөнүн бардык сейсмикалык станцияларында катталган. Ал убакта Сейсмологиялык институттун директору катары каттоо түйүндөрүбүздүн ишин текшерүү үчүн кай жакта силкинүү болорун эч кимге кабарлаган эмесмин. Натыйжасында кызык бир көрүнүшкө туш болдук.
Сейсмикалык учурларды каттоочу айрым түйүндөр силкинүүнүн очогун 120 чакырым айырма менен билдиришти. Бул – өтө чоң ажырым. Биздин станциялар баарынан жакшы иш алпарышты. Айтмакчы, абдан жакшы иштеген казак кесиптештерибизде да чоң катачылыктар болду. Атап айтканда, алар кырк, элүү чакырымга чейинки айырма менен маалымдашты. Бул тапкан наныбызды актап жатканыбызды көрсөттү.
Ысык-Көл жаратылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Экологияны сактап калууга жасалма интеллект жардамчы боло алат. Маек
— Көпчүлүктө түпөйүл ой жараткан бир суроо бар: борбордун түштүгүндө көк тиреген имараттарды курууга болобу? Ысык-Ата жаракасы эмнеси менен кооптуу?
— Бул жарака негизи жер кыртышында. Чуңкур да, бир жарым чакырымдык жылчык да эмес. Ал тоо этектери (Орто-Сай) аркылуу өтүп, туурасы эң көп дегенде беш метрди түзөт. Бул – жер титирөөдөн улам жылышып кете турган зона, кандай гана имарат салынбасын, ал урап калат. Андан ары таасир этүү зонасы, ал жактарда күчтүү сейсмикалык толкундар болот. Жарака кетпейт, анткен менен катуу силкийт.
Япониялыктар өз тажрыйбасында андай толкундарды басууну өздөштүрүп алышты. Алар жердин термелишин компенсациялоо үчүн нымдаткыч (демпфер) жана музайдыңдарын пайдалануу менен курушат.
Президент капсуласын койгон 45 кабаттык имараттын курулушунан кооптуу деле нерсе көргөн жокмун. Ошол эле Японияда жыл сайын 100 миңге чейинки сейсмикалык учур катталат. Бизде бул көрсөткүч орточо 9 миңди түзөт. Айырма чоң, анан калса Японияда аябай бийик салынган имараттар оголе арбын. Эгер бул көк тиреген имаратты тургузууда тийиштүү технологиялар пайдаланылса, эмне үчүн курууга болбосун.
Аралык алыстаган сайын сейсмикалык толкундар басаңдайт. Биз жаракага жакын райондогу бул зонаны бөлүп, бир кабат үйлөрдү салып же эс алуу аймактарын уюштурууга болорун аныктаганбыз. Андан канчалык ыраактаган сайын ошончолук бийик имараттарды курууга болот. Көп учурларда бизди курулуш ишканаларынын таасирине кирип кеткендей тилдеп калышат. Бул болбогон сөз.
Аталган маселени карап жатканыбызда ушундай шарттардагы бардык өлкөлөрдүн техникалык стандарттарын которуп чыктым. Ошондо АКШда, маселен, ушундай зона 15 метрди, Япония менен Жаңы Зеландияда — 100 метр, эмнегедир бизде бир жарым чакырымды түзөрүн көрдүм. Ал эми Бишкектин түштүгү бир кезде токой-парк зонага тиешелүү болуп, бирок ушул тапта ал жакта үйлөр түшүп жатканы башка кеп.
Ташкенттеги 1966 жылы болгон жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Зилзала: талкаланган Ташкенттин тарыхын баяндаган архивдик видео
Жаңылыктар түрмөгү
0