Өйдөлөй берет. РФтин Urals нефтисинин бир жылдан кийинки баасына божомол

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМунай зат өндүрүү. Архивдик сүрөт
Мунай зат өндүрүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Жазылуу
РФ Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, ноябрда нефть салыгы эсептелген Urals мунайынын орточо баасы баррелине 72,84 доллар деп катталган.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Россиянын Urals нефтисинин баррели бир жылдан кийин 65 долларды түзүп, Brent менен болгон ортодогу айырма 10 долларды түзөт. Мындай божомолду БКФ банкынын аналитика башкармалыгынын жетекчиси Максим Осадчий келтиргенин РИА Новости жазды.
Эксперт ICE биржасындагы фьючерстердин котировкасына таянган.
"Маалыматтардын негизинде кийинки жылдын соңунда Brent мунайынын баррели үчүн күтүлгөн баа 75 доллардын тегереги болот. Brent менен Urals нефтилеринин ортосундагы айырма кыскарууда, келерки жылдын аягында айырма 10 долларды түзсө, Urals баррели 65 доллар болот деп божомолдоо оң", — деген Осадчий.
РФ Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, ноябрда нефть салыгы эсептелген Urals мунайынын орточо баасы баррелине 72,84 доллар деп катталган.
Муну менен бирге эксперт рублдин тагдыры тууралуу да пикирин билдирген. Анын айтымында, 2024-жылы бир доллар 100 рублге жеткен мезгил болот, анткен менен 200 рублге барбайт. Осадчий жалпы жонунан рублдин курсу турукташып баратканын, олку-солкулук бир жыл ичинде эки эсеге азайганын белгилеген.
Мунай чыгаруучу насос. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Көмүскөдөгү оюнчулар алдыга чыгат. Мунай рыногуна 2024-жылга карата божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0