Кыргызстанда аскерлердин эмгек акысы үч жылда 50 пайызга чейин көбөйтүлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын аскери. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын аскери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жазылуу
Баткенде кызмат өтөгөн жоокерлердин маянасына 50 миң сомго чейин кошулган.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда аскерлердин эмгек акысы 50 пайызга чейин көбөйтүлгөнүн Коргоо министрлиги 2023-жылга карата негизги жыйынтыктар тууралуу отчёт берип жатып билдирди.
"Үч жылдан бери катардагы аскер кызматчыларына 22 миң, абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн учуучу курамына 24-42 миң жана Баткенде кызмат өтөгөн жоокерлердин маянасына 50 миң сомго чейин кошулган", — деп айтылат кабарда.
Министрлик жаңы аскер бөлүктөрү түзүлө баштаганын, бул жылы "Печора-2БМ" зениттик ракеталык комплекси сатып алынганын кошумчалаган.
Сооттолгон автоунаа  Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Кыргызстанда алгачкы жолу ата мекендик сооттолгон автомобиль чогултулуп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0