Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Олимпиадага барчу спортчулардын формасынын дизайнына сынак жарыяланды

© Sputnik / Асел АкматДене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев
Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жазылуу
Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев сынакка катышкандарга эч кандай талап жок экенин айтты.
2024-жылы өтчү Олимпиада оюндарына кыргызстандык курама команданын формасынын дизайны үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Самат Токтоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Олимпиадага барчу спортчулардын формасынын дизайнына сынак жарыяланды
Анын айтымында, сынакка кесипкөй гана эмес, башталгыч дизайнерлер, студенттер жана бардык каалоочулар катыша алышат.
"Спортчуларыбыздын формасына карап чет өлкөлүктөрдө кыргыз эли тууралуу пикир жаралат. Ошондуктан формада улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап турган бир деталь болушу керек. Негизи биздин спортчулар кандай форма болбосун буга чейинки оюндарда сөзсүз калпак кийип келишти. Мисалы, казактарда да калпак бар, өзбектерде да топу бар, бирок алар кийишпейт. Биздин жигиттерде калпак кийүү салт болуп калды десек болот. Спортчулар мамлекеттин атынан чыгып жаткандан кийин алардын формасына да өзгөчө көңүл бурулушу шарт. Учурда формасынын дизайнын иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Бардык каалоочулар ага катыша алат. Эмгектерди биздин департамент менен байланышып, жиберсе болот. Жаңы жылга чейин арыздар кабыл алынат. Жеңүүчүлөрдү атайын комиссия тандап алат. Ошондой эле жарандар социалдык тармактарда эң жакшы вариантка добуш беришет", — деди Токтоналиев.
Ал буга чейин Токиодо өткөн Олимпиадада кыргыз спортчуларынын кийимине дүйнө эли суктангандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0