РФтен чыгуусу чектелген жарандар чет элдик паспортун өткөрөт. Эреже күчүнө кирди

© Sputnik / Нина ЗотинаРоссиянын паспорту. Архивдик сүрөт
Россиянын паспорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жазылуу
Документ аны берген бийлик органына өткөрүп берилиши керектиги айтылды.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Россияда өлкөдөн чыгууга чектөө кирген жарандар үчүн чет элдик паспортту өткөрүп берүү боюнча эреже бүгүн күчүнө кирди. Тиешелүү документ укуктук маалыматтар порталына жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Россиядан сыртка чыгуу укугу убактылуу чектелген РФ жараны бул боюнча кабарланган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү органдарга барып, чет элдик паспортту убактылуу чектөөнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин же паспорттун мөөнөтү бүткөнгө чейин сактай турууга өткөрүп бериши керек", — деп жазылат документте.
Документ аны берген бийлик органына өткөрүп берилиши керектиги айтылды. Бул процедурада өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы эки нускада түзүлөт. Анын бири жаранга берилсе, экинчиси каттоо жүргүзгөн органда кала турганы кошумчаланды.
Токтомдо бул чара коррупциялык тобокелдиктерди жок кылуу максатында кабыл алынганы айтылган.
Россиянын паспорту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Россия паспортун кайсы кесиптин ээлери жеңилдетилген шартта ала алат? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0