Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Республикачы сенатор: Украинанын ою ишке ашарына чынында эч ким ишенген эмес

© AFP / GENYA SAVILOVУкраина аскерлери. Архивдик сүрөт
Украина аскерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Жазылуу
Саясатчынын айтымында, Украина ушу тапта функционалдык жактан кыйроого учураган мамлекет.
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Украинанын Россия чек арасын 1991-жылдагы абалына кайтаруу боюнча идеясы акылга сыйбайт. Буга эч ким ишенбей турганын АКШнын республикачы сенатору Жеймс Вэнс СNN телеканалына маек куруп жатып айтты.
Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялаган.
"Украина боюнча өзүнчө дебат өткөрүү керек. Мээси бар адамдардын баары жаңжал сүйлөшүү жолу менен соңуна чыгышы керектигин жакшы билет. Украинанын Россия чек арасын 1991-жылдагы абалына кайтаруу боюнча идеясы акылга сыйбайт, буга башынан эле эч ким ишенген эмес. Украина азыр абалына көз чаптырып максатын аныктап, эмне каалап жатканын так түшүнүшү керек", — деди сенатор.
Саясатчынын айтымында, Украина ушу тапта функционалдык жактан кыйроого учураган мамлекет.
"Украин армиясында кызмат өтөп жаткан жоокерлердин орточо жаш курагы 43 жаш. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Эгер кырдаал ушул нукта кете берсе биз жакынкы жылдары өлкөнү калыбына келтирүү үчүн украин пенсионерлерине акча төлөп каларыбыз шексиз. Биз адам өлүмүн токтотушубуз керек. Америка өкмөтү азыр мына ушуну менен алек болушу зарыл", — деди Вэнс.
Сенатор мындан ары АКШ Украина үчүн акча бөлбөшү керек деп эсептейт.
АКШнын Украинага аскерий жардам көрсөтүүсү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага жардам бергенден кийин АКШнын чөнтөгүндө канча акча калары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0