Кыргызстанда белгилүү обончу Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет

© Фото / из семейного архива АтабаевыхБелгилүү обончу Аксуубай Атабаев. Архивдик сүрөт
Белгилүү обончу Аксуубай Атабаев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Жазылуу
Обончунун "Тоолор", "Махабатым", "18 жаш", "Чагылган", "Курбулар" баштаган ырлары классикага айланып, азыркыга чейин эл оозунан түшпөй келет.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстанда Эл артисти, белгилүү обончу, ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара 13-декабрь күнү саат 18.00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган. Ал Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүн, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында хордун артисти болуп баштап, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкант, филармонияда солист, кийин Республикалык кесиптик-техникалык окуу жайынын маданият ордосунун директору болуп эмгектенген.
Белгилүү обончу 2011-жылы 68 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган. Анын "Тоолор", "Махабатым", "18 жаш", "Чагылган", "Курбулар" баштаган ырлары классикага айланып, азыркыга чейин эл оозунан түшпөй келет.
Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2023
Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0