Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнө боюнча жылдын мыктысы наамы үчүн ат салышууда

© Photo / United World Wrestling / Amirreza AliasgariКүрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт
Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында "Жылдын мыкты балбаны" наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.
Наамга эркектер арасында дүйнөлүк деңгээлдеги беш балбан көрсөтүлгөн:
Луис Орта Санчез — Куба;
Амин Мирзазаде — Иран;
Акжол Махмудов — Кыргызстан;
Жоламан Шаршенбеков — Кыргызстан;
Лери Абуладзе — Грузия.
Эске салсак, 2022-жылы грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков жыл мыктысы аталган.
Ал эми кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан наамы үчүн таймашат. Анын атаандаштары:
Юй Сусаки — Япония;
Акари Фужинами — Япония;
Амит Елор — АКШ;
Бюз Тосун — Түркия.
Белгилей кетсек, бул наамга көрсөтүлгөн кыргызстандык үч балбан тең быйыл дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлгөн. Буга алардын Дүйнө чемпионатынан алтын медаль алганы таасир эткен.
Айсулуу Тыныбековага Нарын шаарынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Айсулуу Тыныбековага Нарын шаарынын ардактуу атуулу наамы ыйгарылды
Жаңылыктар түрмөгү
0