Путин Россиянын жаңы өзөктүк кемелери кызмат өтөөчү аймактарды тизмектеди

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
РФ президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Россия суу алдында жана сууда жүрүүчү кемелерди куруу боюнча бардык планын ишке ашырат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин суу алдында жүрүүчү "Красноярск" өзөктүк кайыгы менен "Император Александр III" өзөктүк крейсеринде туу көтөрүү салтанатында айтканын РИА Новости жазды.
"Биз суу алдында жана сууда жүрүүчү кемелерди куруу боюнча пландарыбыздын баарын сөзсүз аткарабыз. Россиянын Аскер-деңиз флотун күчтөнтүп, Арктика, Ыраакы Чыгыш, Кара жана Балтика деңиздериндеги кубаттуулугубузду арттырабыз. Бул аракет дүйнөлүк океандын бардык стратегиялык райондорунда ишке ашат", — деди Путин.
Өлкө башчынын айтымында, ракета алып жүрүүгө ыңгайлашкан "Красноярск" жана "Император Александр III" кемелери Тынч океанында күзөттө болушат.
Түндүк аскер округунун Краснолиманск багытында Борбордук аскер округунун гвардиялык мотоаткычтар полкунун БМ-21 Град МЛРС экипаждарынын күжүрмөн иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россиянын коргонуу өндүрүшү өр алса, Украинаныкы артка кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0