Жаңы алынган медициналык унаалардын 11и Нарын облусуна берилди

© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковПередача медицинских автомобилей Минздрав из России Нарынской области
Передача медицинских автомобилей Минздрав из России Нарынской области  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Россиядан алган 107 медициналык транспорттун 11ин Нарын облусуна бөлдү. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Анын айтымында, облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун тез жардам бөлүмүнө жети "Соболь" үлгүсүндөгү тез жардам унаасы жана төрт жеңил машина берилген.
Аймакта бейтаптарды тейлөөчү унаалардын эскилиги эбак жетип, жаңысына алмаштырууга муктаж болуп жүрүшкөнү белгиленди.
Эскерте кетсек, өткөн жумада медициналык мекемелер үчүн атайын техника "COVID-19дун кесепеттерине ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында Россия берген 3 миллион доллар гранттык каражатка сатып алынган.
Талаага үрөн себүү иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
10 миң гектар кунарсыз жайытты жакшыртууга Россиядан алынган үрөн себилди
Жаңылыктар түрмөгү
0