14-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусундагы тоолорунун көрүнүшү. Архив
Талас облусундагы тоолорунун көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
14-декабрда күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -8…-13, Талас чөлкөмүндө -6…-11, Ысык-Көл жеринде -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -3…+2, Нарын облусунда -7…-12 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -8…-10, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.
Кышкы Бишкек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Батир албай тургула! Мамкурулуш соттошуп жаткан 38 объектинин тизмесин чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0