Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Көчөгө ташталган ымыркайлар. ИИМ энелеринин тагдыры кандай болорун айтты

© AP Photo / Pavel GolovkinЫмыркай кармаган аял. Архивдик сүрөт
Ымыркай кармаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Үч кыздын бирөө кансырап кыйналганынан үй камагына чыккан.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жаңы төрөлгөн балдарын көчөгө таштап салган үч аял тең сот жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Нуржан Адылова билдирди.
Ал кыздардын мындай кадамга баруусуна көп фактор таасир этерин белгилеген. Катарында төрөттөн кийинки депрессия, ата-энесинен коркуу бар.
"Ата-энесинин каарынан корккон кыз кош бойлуу экенин жашырат. Кээде жардам сурачу адамы калбай калган учур болот. Үч кыздын бирөө кансырап кыйналгандыктан үй камагына чыгарылды. Кандай болгон күндө да бул үч аял кылмыш жасады. Алардын иши тергелип жатат, жоопкерчиликке тартылышат", — деди Адылова.
Эскерте кетсек, ноябрда эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын көчөгө ташталган үч фактысы катталды. Эки учур Бишкекте болсо, бирөө Жалал-Абадда. Ымыркайларын таштаган үч аял тең азыр үй камагында.
Ымыркайды көтөрүп турган киши. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Арча-Бешикте ташталган ымыркай. Таятасы багып алам деп арыз бергени айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0