Таллинде сейилдеген Мусаев, Чокморов, Ишенов. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.
© Фото / из личного архива Манаса Мусаева
Солдон биринчи турган КР эл артисти, белгилүү кинооператор Манасбек Мусаев, ортодо СССРдин эл артисти, таланттуу актер Сүймөнкул Чокморов, четте турган КР эл сүрөтчүсү Сагын Ишеновдун сүрөтү өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында Таллин шаарында тартылган.
Кыргызстандык киночулар Эстониянын борборунда өткөн кинофестивалга катышканы барган эле.
Ал кезди кинооператор Манасбек Мусаев мындайча эскерет:
"Кинорежиссер Альгимантас Видугирис 1981-жылы "Жалаң эркектер" тасмасын тартып, мен оператор болуп камерага түшүргөм. Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов башкы каармандын ролун аткарган. Ал кезде Сүймөнкул оорубай эле жакшы жүргөн. Бир жолу Кара-Көлдө бир эпизодду тартып бүтүп операторлор камеранын жайгашкан жерин алмаштырып жатканбыз. Ошол маалда актер кесиптеши менен жөн эле кубалашып ойноп жатып тайгаланып жыгылып, бөйрөк жагы менен ташка тийгендиктен оорусун козгоп алат. Актерду санитардык авиациянын тик учагы менен Фрунзедеги ооруканага жеткиргенбиз. Ошентип ал сыркоолоп, дарыланып жүрдү, биз Сүймөнкулга окшош инженерди артынан тартып акырындык менен съемканы уланта бердик. Бир айдан кийин актер жакшы болуп келип, кайра өзүн тарта баштаганбыз. Сүймөнкул ошондон кийин саналуу эле кинокартинада тартылды. Сүрөт болсо Таллиндеги кинофестивалдан кийин шаар аралап жүргөндө тартылган. Анда "Жалаң эркектер" үчүн биз диплом алганбыз. Ал эми жаныбыздагы Сагын Ишенов республиканын атынан биз менен чогуу барган. Ал — кыргыз киносундагы алгачкы сүрөтчүлөрдүн бири. Москвадагы театрлар Ишеновду атайын чакыртып сахнадагы декорацияларын тарттырчу", — деди Мусаев.
Кинофильмде Сүймөнкул Чокморов эр жүрөк бригадир Касымдын ролун аткарып, Дилором Камбарова, Советбек Жумадылов, Владимир Скоропись, Вячеслав Жолобов, Болот Макеев, Муса Дудаев жана Елена Мельникова образ жараткан.
Аталган эмгек Сириянын Дамаск шаарында өткөн эл аралык фестивалда "Күмүш кылыч", Чехияда "Хрусталь ваза" сыйлыгын алып, Франция, Өзбекстандагы фестивалдардан байгелүү кайткан.
Тема боюнча:
Бакен Кыдыкеева менен Муратбек Рыскуловдун жаш кези. "Салтанаттагы" таберик сүрөт
Сириянын президентинен сыйлык алган Океев. "Сүйүү закымдарынан" таберик сүрөт
Айтматовдун айылына чогулган киночулар. "Айдагы жез кемпирдин" таберик сүрөтү
Образга кирген Базаров, муюган Кытаев менен Думанаев. Залкарлардын таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0