Бишкекте дагы бир кримтөбөлдүн өлүмүнүн бети ачылды. Окуя 2010-жылы болгон

© Фото / пресс-служба МВД КРБишкекте 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар кармалды
Бишкекте 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Кылмышка шектелгендердин бири буга чейин тергөө абагында өлтүрүлгөн.
БИШКЕК, 13 –дек. — Sputnik. Бишкекте 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МВД КР

Бишкекте 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

Бишкекте 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
1/4

Бишкекте 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

© Фото / пресс-служба МВД КР

Билдирмеге караганда, окуя 2010-жылдын 12-апрелинде Ибрагимов жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

Билдирмеге караганда, окуя 2010-жылдын 12-апрелинде Ибрагимов жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон - Sputnik Кыргызстан
2/4

Билдирмеге караганда, окуя 2010-жылдын 12-апрелинде Ибрагимов жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

© Фото / пресс-служба МВД КР

Анда Mercedes Benz унаасындагы белгисиз адамдар Карасартов башкарып бараткан Mazda 626 автоунаасынын жанына келип, ага ок чыгарышкан

Анда Mercedes Benz унаасындагы белгисиз адамдар Карасартов башкарып бараткан Mazda 626 автоунаасынын жанына келип, ага ок чыгарышкан - Sputnik Кыргызстан
3/4

Анда Mercedes Benz унаасындагы белгисиз адамдар Карасартов башкарып бараткан Mazda 626 автоунаасынын жанына келип, ага ок чыгарышкан

© Фото / пресс-служба МВД КР

Алган жараатынан кримтөбөл окуя болгон жерде көз жумган

Алган жараатынан кримтөбөл окуя болгон жерде көз жумган - Sputnik Кыргызстан
4/4

Алган жараатынан кримтөбөл окуя болгон жерде көз жумган

1/4

Бишкекте 2010-жылы кримтөбөл Максат Карасартовдун автоунаасын аткылоого тиешеси бар адамдар кармалганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады

2/4

Билдирмеге караганда, окуя 2010-жылдын 12-апрелинде Ибрагимов жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

3/4

Анда Mercedes Benz унаасындагы белгисиз адамдар Карасартов башкарып бараткан Mazda 626 автоунаасынын жанына келип, ага ок чыгарышкан

4/4

Алган жараатынан кримтөбөл окуя болгон жерде көз жумган

Билдирмеге караганда, окуя 2010-жылдын 12-апрелинде Ибрагимов жана Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Анда Mercedes Benz унаасындагы белгисиз адамдар Карасартов башкарып бараткан Mazda 626 автоунаасынын жанына келип, ага ок чыгарышкан. Алган жараатынан кримтөбөл окуя болгон жерде көз жумган.
Бул боюнча "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголуп, ИИМ бүгүн бул кылмышка тиешеси бар деген адамдар аныкталганын билдирди.
Министрлик кылмышка шектүүлөрдүн арасында 42 жаштагы Протез каймана аты менен таанылган Ш.А. бар экенин маалымдады.
"Чүй облусунун тургуну Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, бир нече жолу соттолгон. Ал мындан башка оор кылмыштарга, анын ичинде Чолпон-Ата шаарынын тургуну Кубанычбек Коноевдин өлүмүнө да шектелүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Экинчиси да уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Д.Ч. аттуу Чүйдө туулган жаран экени кошумчаланды. ИИМ ал буга чейин өлтүрүлгөнүн билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, кеп Бишкектеги тергөө абагында өлтүрүлгөн Чыңгыз Жумагулов (Дөө Чыңгыз) тууралуу болууда. ИИМ бул иш боюнча тергөө уланып жатканын кошумчалады.
Кримтөбөл Рысбек Акматбаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
УКМК кримтөбөл Рысбек Акматбаевди кимдер кантип өлтүргөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0