Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанга келген туристтердин көбү өзбекстандык, казакстандык жана россиялыктар

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүТоо туризми. Архивдик сүрөт
Тоо туризми. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, өлкөгө 6 миллиондон ашык турист кирген.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Кыргызстанга көбүнчө кайсы өлкөлөрдөн туристтер келгенин айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
Заместитель директора Департамента туризма при Министерстве экономики и финансов Кыял Кенжематова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
Маалыматка караганда, быйылкы жылдын тогуз айында өлкөгө 6 миллиондон ашык турист кирген.
"Алдыңкы сапта Өзбекстан, Казакстан жана Россия. Бул үч өлкөнүн ичинен жарымынан көбү Өзбекстанга туура келет", — деди Кенжематова.
Анын айтымында, Кыргызстан туристтерди тартуу жаатында иш жүргүзүүдө. Быйыл Кытай жана араб өлкөлөрү менен иш активдешти. Мисалы, араб мамлекеттеринин миллиондогон катталуучулары бар блогерлерине эки ирет маалыматтык турлар уюштурулган. 21-декабрдан тарта кытай жарандарына өлкөгө кирүү жеңилдетилген. Бул үчүн алар оюн-зоок уюштурган мекемелерге 500 долларлык ваучер сатып алышы керек. Ошондо жети күнгө визасыз кирүүгө уруксат берилет.
"Түштүк Корея, Япония сыяктуу азиялык мамлекеттерге кызыгуубуз чоң. Алардын жарандары пандемиядан кийин абдан саякаттагылары келет. Индия менен Пакистан дагы перспективдүү рынок. Кээ бир Европа мамлекеттеринде дагы Кыргызстанга болгон кызыгуу бар", — деди Кенжематова.
Жаңылыктар түрмөгү
0