Небензя: Газага барып, Ленинграддагы азаптуу курчоону эстедим

© AP Photo / ED JONESРоссиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Василий Небензя. Архивдик сүрөт
Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Василий Небензя. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
РФ өкүлү ооруканадан бутунан, үй-бүлөсүнөн ажыраган аял, майып болгон балдарды көрүп, абалды жакындан билип жүрөк үшүгөнүн айтты.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Василий Небензя Газадагы азыркы абалды Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасы менен салыштырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Мен БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен "Рафак" көзөмөл-өткөрүү пунктунда болуп келдим. Сапарды БАЭ менен Египет уюштурган. Биз ал жерге барып, анклавда эмне болуп жатканын өз көзүбүз менен көрүп, кырдаалды дагы жакындан, жакшылап билип келдик", — деген Небензя БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын отурумунда.
Атайын өкүлдүн билдиргенине караганда, Газа тилкеси жүрөктүн үшүн алган гуманитардык апаатка кабылган, ал жакта абал күндөн-күнгө начарлап бара жатат.
"Ооруканада майып болгон балдар, бүт үй-бүлөсүнөн ажырап, буттары кесилген, жаңы төрөгөн аял. Гуманитардык жүк менен жөнөтүүгө даяр турган жүздөгөн автоунаалар. Алар Египет, Израилде көптөгөн текшерүүлөрдү да күтүп турушат, андан соң кайрадан Египетке, андан кийин Газага тамчы сымал өткөрүлүүдө", — деп айтып берди ал.
Небензя Коопсуздук кеңештин өкүлдөрү "Рафахтан" бир гана бул кандуу булоонду токтотуу зарыл деген нерсени угуп кайтышкан.
"Эсиме нацисттердин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жасаган, 900 күнгө созулган Ленинград блокадасы келди. Аеосуз бомбалоо жана ачарчылык миллиондон ашык ленинграддыктардын өмүрүн алып кеткен. Газаны да ушундай тагдыр күтүп турабы? Бул азыр, биздин заманда болуп жатканын элестете албайсың", — деген ал.
Небензя Газадагы адам чыдагыс абалды жөндөөгө жасалган аракеттерди АКШ токтотуп жатканын белгиледи.
БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШдан улам Газа тилкеси боюнча чечкиндүү кадамдарга бара ала албай келет.
"Буга чейин жасалган БУУнун алкагындагы жамааттык аракеттер күтүлгөн жыйынтык бербей келе жатканын өкүнүү менен белгилейм. Ага ар тараптуу дипломатиянын аксап жатканы себеп эмес. Кеп, айтылып келгендей, Коопсуздук кеңештин өз милдеттерин аткара албай жатканында эмес", — деди Небензя.
Атайын өкүл ала кушту атынан атоо керектигин айткан.
"Келгиле, маселени так айталы. Себеп тынчтык орнотуу милдетин алган аракеттерге АКШнын бөгөт коюп жатканы болууда. Апрелдин башынан тарта Америка Кошмо Штаттары көп тараптуу дипломатияны четке кагып келет", — деп белгилеген ал.
Анын айтымында, америкалык өкүлдөр башкаларга Вашингтон эки тараптуу дипломатия менен алектенип жатканда тоскоол болбош үчүн киришпей тургула дешкен. Аны беркилер уккан.
"Бириккен Улуттар Уюмунун бул мезгил ичинде чечкиндүү эч кандай чечимдерди кабыл ала албай келе жаткандыгынын башкы себеби ушунда", — деп белгилеген ал.
Ал Газадагы ар бир курмандыктын жоопкерчилиги АКШнын мойнунда болорун белгилеген.
"Согуш отун токтотуу чакырыгына вето коюп, америкалык тарап өлтүрүүгө лицензия берди, эми Газадагы ар бир жаңы курмандык үчүн толугу менен жоопкерчилик алат. Жалпысынан бул күнөөнү БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана БУУ мүчөлөрү алар менен кошо тартпашы керек", — деген сөзүн жыйынтыктаган Небензя.
Эскерте кетсек, АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинде Бириккен Араб Эмирлигинин Газада атышууну токтотуу боюнча резолюциясынын долбооруна вето койгон. Буга ал документте ХАМАСтын сынга алынбаганын жана Израилдин өзүн коргоо укугу каралбаганын жүйө келтирген. Коопсуздук кеңешинин калган 13 мүчөсү резолюциянын кабыл алынышын колдоп, Улуу Британия калыс пикирин билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгынан улам келип чыккан тирешүү 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге кол салуусунан кийин курчуп кеткен. Акыркы маалымат боюнча, кандуу кагылышууда 1,2 миң израилдик каза таап, 5 миң киши жарадар болсо, көз жумган палестиналыктардын саны 18 миңден ашты. 46 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алганы айтылып келет.
Коопсуздук кеңеши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2023
БУУнун Баш катчысы Коопсуздук кеңешинин кадырына доо кеткенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0