Жасалма интеллектини пайдаланууда Кыргызстандын абалы кандай? Маек

© Photo / Unsplash / Becomes CoРабота программирования
Работа программирования - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жазылуу
Азыр дүйнө жүзү жасалма интеллектини кеңири колдонууга өттү. Анын адамзат үчүн мүмкүнчүлүктөрү менен кошо тобокелчиликтери да бар. Бир эсе жашоону жеңилдетсе, экинчиден кооптондуруп келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Жусуп Баласагын атындагы КУУнун компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Амантур Рыспаев болду. Кыргызстанда жасалма интеллектини колдонуу жана бул тармактагы абал тууралуу баарлаштык.
© SputnikЖусуп Баласагын атындагы КУУнун компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Амантур Рыспаев
Кандидат физико-математических наук, директор Института компьютерных технологий и искусственного интеллекта КНУ Амантур Рыспаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Амантур Рыспаев
— Кыргызстанда жасалма интеллект кандай акыбалда?
— Жасалма интеллект — бул дүйнө жүзүндө популярдуулукка ээ болуп жаткан тармак. Адам акылынын деңгээлиндеги нерселерди жасоого анын да мүмкүнчүлүгү жетип турат. Чат-боттор, үн жардамчысы, коомдук тармактагы жаңылыктар лентасы, адамсыз жүрө турган транспорт каражаттары, адамдын жүзүн тааныган программалар өңдүү түрлөрү бар. Биз да четте туруп калган жокпуз. Программалар жазылып жатат. Жасалма интеллект десе эле роботторду элестетпешибиз керек. Ал — компьютердик программа. Мамлекеттик тил комиссиясынын буюртмасы менен кыргызча үндү текстке айландыруудабыз. Алдыда жасалма интеллект боюнча мыкты адистерди даярдоо маселеси турат. Жаңы өнүгүп бара жаткан тармак болгондуктан мурда окуу жайда предмет катары гана кирчү. Азыр жасалма интеллект боюнча илим-изилдөө борбору ачылып, ишке киргизилди. Акыркы 3-4 айдын ичинде өз колубуз менен дрондорду жасап баштадык. Эң биринчиден анын программасын жасоо керек. Кандайдыр бир тоскоолдуктарды айланып өтүп, кайсы бир жерге барып керектүү нерсени адамдын башкаруусусуз тартып келиши керек. Буга программа зарыл. Программисттердин айлыгы жогору болгондуктан алар мамлекеттик жумушка келбейт. Ошол себептен жеке компаниялар менен тыгыз иштешип жатабыз. Жасалма интеллект боюнча бакалавр, магистратура, PhD докторантура ачып, окутуу боюнча да иш алып баруудабыз.
— Акыркы учурда маалыматтык технологиялар жаатында жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздиги айтылат. Кадрларды кайсы багытта окутабыз?
— IT тармагындагы адистер көптөгөн жогорку окуу жайларында даярдалат. Азыр мезгилдин талабына ылайык, тар чөйрөдөгү адистерди чыгарышыбыз зарыл болуп турат. Бардык тармактарда жасалма интеллект колдонула баштады. Мурда компьютер жөн гана ишти аткарса, азыр программалардын жардамы менен адамча ойлоно алат. Программисттерге болгон талаптар да өзгөрдү. Азыр технология да көп. Алардын артынан кууп жүрүү да мүмкүн эмес. Болгон программаларды алып өзүбүзгө модификациялашыбыз зарыл. Кыргызча сүйлөгөн программаларды жасап алсак, эң чоң жетишкендигибиз ошол болот.
© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАмантур Рыспаев: IT тармагындагы адистер көптөгөн жогорку окуу жайларында даярдалат. Азыр мезгилдин талабына ылайык, тар чөйрөдөгү адистерди чыгарышыбыз зарыл болуп турат.
Технопарк в сфере высоких технологий ИТ-парк в Казани - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Амантур Рыспаев: IT тармагындагы адистер көптөгөн жогорку окуу жайларында даярдалат. Азыр мезгилдин талабына ылайык, тар чөйрөдөгү адистерди чыгарышыбыз зарыл болуп турат.
— Билим берүүдөгү жасалма интеллект кайсы учурда керек?
— Жасалма интеллект кирип калса мугалимдер эмне болот деген суроо жаралууда. Ал мугалимдердин ордун тартып албайт. Тескерисинче, жардам берет. Бирок жумуш жеңилдегени менен башка иштер чыгат. Анткени анын программаларын жасап чыгуу керек. Студент робот-мугалимге кайрылганда суроосуна так, туура жооп алышы үчүн ага программа түзүү зарыл. Бул өтө оор маселе. Билим берүүдө робот мугалимдердин жасалышы менен билимдин да сапаты жогорулай баштайт. Мисалы, кытайлардын саны көп болгондуктан робот мугалимдерди да кеңири колдонууга өтүштү.
— Жасалма интеллектини ойлоп тапкан окумуштуулар да анын кооптуулугун айтууда...
— Ооба, терс жактары да кездешет. ChatGPT боту чыкканы аны кеңири пайдаланууга өттүк. Бирок мунун да кооптуу жагы бар. Себеби бир адамдын образын туура өзүндөй түзүп, үнүн жасап туура эмес маалыматтарды таратып жиберүү коркунучу турат. Азыр геосаясатта абал курчуп турганда ChatGPT системасынын жардамы менен алдамчылар эки мамлекеттин ортосунда от тутандырып коюшу ыктымал. Азыр мунун 4-версиясы чыкты. Демек, кооптуулук дагы күчөдү. Бирок студенттер, журналисттер кеңири пайдаланууда, пайдасы көп.
— Учурда ар бир мамлекет өзүнө тийиштүү улуттук чат-ботторду чыгарууда. Мисалы, орустар Алиса жасалма интеллектини алып чыкты. Биздечи?
— ChatGPT ойлоп табуу азырынча бизге эрте. Ошентсе да иштеп жаткандар бар. Бирок англис, орус тилиндеги программаларды кыргызча сүйлөтүп алсак эле чоң жетишкендик болмок. Компьютердин да көзү бар. Ал көргөн нерсесин жазбай таанышы керек. Ошол эле адамдын жүзүн көргөндө анын аты-жөнүн айтышы зарыл. Азыр ушул программанын үстүндө иштеп жатабыз.
— Кайсы тилдер жасалма интеллектини үйрөнүүгө багытталган?
— Жасалма интеллектини окуу үчүн Python тилин өздөштүрүшүбүз керек. Бул — компьютерди үйрөтүүгө арналган абдан универсалдуу программалоо тилдеринин бири. Андан кийин Java тилин үйрөнүүгө туура келет. Программалоо тили — бул формалдуу тил. Муну менен сүйлөшө албайбыз. Компьютер түшүнө тургандай код гана жазабыз. Мурда Delphi, Си, С++ тилдери менен программалап келсек, азыр жалаң эле Python тилине өттүк. Ал платформадан көз карандысыздыгы менен ыңгайлуу. Иштөөгө жеңил.
© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАмантур Рыспаев: жасалма интеллектини окуу үчүн Python тилин өздөштүрүшүбүз керек. Бул — компьютерди үйрөтүүгө арналган абдан универсалдуу программалоо тилдеринин бири.
Чемпионат в сфере градостроительства и урбанистики Urban Skills в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Амантур Рыспаев: жасалма интеллектини окуу үчүн Python тилин өздөштүрүшүбүз керек. Бул — компьютерди үйрөтүүгө арналган абдан универсалдуу программалоо тилдеринин бири.
— Программалоо жаатында эмгектенген биздин адистерге кандай баа бересиз?
— Бизде таланттуу балдар абдан көп. Алар дүйнөнүн ар кыл бурчунда иштеп жатат. Бул тармакта Кыргызстандын келечеги кең. Жылдан-жылга студенттердин деңгээли да өсүп баратат. Илим, техника өскөн сайын балдар программалоо, компьютердик технология, IT тармагына көбүрөөк тартылууда. Бул адистер эч жакка барбай, каалаган кезде эс алып, бир жерде отуруп алып акыл эмгеги менен жакшы тыйын табат. Студенттерге деле туура багыт берсек, көп нерсени жаратып коюшу ыктымал. Азыр интернетте маалымат кеңири болгондуктан студенттерди таң калтыруу кыйын. Ошондуктан лекция даярдаарда көп маалымат булактарын карайбыз. Тескерисинче, мугалимдердин квалификациясын көтөрүү керек болууда. Антпесе мыкты кадрларды чыгара албайбыз.
— Бүгүн санариптик тармакты анализдөө, өнүктүрүү жаатында бир катар мекемелер иштейт. Мамлекет буга кандай көңүл бурууда?
— Санариптик өнүктүрүү министрлигинде бардык тармакты санариптештирүү иштерүү жүрүүдө. 2010-жылдан баштап смартфонубуз чыга баштады. 13 жылдын аралыгында кандай гана программалар кирген жок. Мобилдик телефондор аркылуу акча которуп, айлык-маяналарыбызды алып жатабыз. Ошонун баары эле мамлекетке салым. Ал "Түндүк" платформасына бириктирилүүдө. "Түндүк" тиркемесинен биздин айдоочулук күбөлүгүбүз, паспортубуз жана дагы эки-үч аныктамабыз чыгат. Жогорку окуу жайларынын да адис даярдоодо сандан сапатка өтүүчү мезгили келди. Анткени биз даярдаган адистердин баары эле мыкты болуп кеткен жок.
— Киберкоопсуздук маселеси Кыргызстанда канчалык деңгээлде корголгон?
— Ар бир программанын коопсуздугу кошо жасалат. Бир программист мунун баарын жасай албайт. Ошол үчүн программисттерди бириктирүү, уюштуруу иши бар. Ири компанияларда ошол себептен миңдеген адистер иштейт. Бирөө кодун, экинчиси анын колдонулушун, башкасы коопсуздугун же дизайнын жазат. Ушундай жол менен программа иштелип чыгат. Киберкоопсуздук өнүгүп турган учурда коргонууну мыктылоо кажет. Азыр электрондук капчыктагы акчаларды которуп алуу жолу да көбөйдү. Эл кайсы бир программаны же тиркемени колдонгондо чочулабай тургандай болуш керек. Бул өтө чоң тема жана мында кыйын адистер иштешет.
Ысык-Көл жаратылышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Экологияны сактап калууга жасалма интеллект жардамчы боло алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0