Чолпон-Атадагы "Акылман" лицейи эми түздөн-түз президентке баш иет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров "Акылман" лицейинде. Архивждик сүрөт
Президент Садыр Жапаров Акылман лицейинде. Архивждик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
Документте президенттик лицей Билим берүү министрлигинин карамагынан чыгарылары жазылган.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында "Акылман" президенттик лицейи эми түздөн-түз өлкө башчыга баш иет. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Документте президенттик лицей Билим берүү министрлигинин карамагынан чыгарылары жазылган.
"Мамлекеттик мекемени Көзөмөлчүлүк кеңеши башкарып, аны каржылоо мамлекеттик бюджеттен эмес, президенттик фонддон жүргүзүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Көзөмөлчүлүк кеңешинин түзүмү, компетенциясы, аны түзүү тартиби, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, алардын чечимдерди кабыл алуу тартиби "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" мыйзам жана президент тарабынан бекитилүүчү Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталары кошумчаланган.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда "Акылман" президенттик лицейи түзүлгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Акылбек Жапаров: ар бир окуучуга ноутбук алып берели деген планыбыз бар
Жаңылыктар түрмөгү
0