Мындан ары белгилүү адамдардын 100, 150 жана 200 жылдыгы гана белгиленет

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик деңгээлдеги мааракелик иш-чаралар кыскартыларын билдирди.
Анын айтымында, өкмөт мындан ары белгилүү адамдардын 100, 150 жана 200 жылдыгын гана белгилөө чечимин кабыл алган. Калган мааракелерди туугандары өзүнчө конференция, тегерек столдорду уюштуруп белгилей берсе болот.
"Алымбек даткадай биздин кыргыз элине абдан көп кызмат кылган инсандарыбыздын баарын 31-августта Эгемендүүлүк күнү менен кошо эскеребиз. Анан 80-90го чыкты деп маараке уюштуруп... Бала-чакасы бир жылкы сойгонго жарабаса, биякта биз ары-бери жүгүрүп жүрсөк туура эмес экен", — деди өкмөт башчы.
Үй-бүлө көчөдө сейилдеп жүрөт. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Депутат Талиева көп балалуу болууга стимул берчү ыкманы сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0