УКМК: "Орто-Сайдагы" соодагерлерден мыйзамсыз акча жыйнаган салыкчы кармалды

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүШектүүнүн колдоруна кишен салуу. Архивдик сүрөт
Шектүүнүн колдоруна кишен салуу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
Кармалган кызматкердин ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү тууралуу айтылууда.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. "Орто-Сай" базарынын соодагерлеринен акчаны системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн факт менен салык кызматкери кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кеп Бишкек шаарынын Октябрь райондук салык башкармалыгынын кызматкери туурасында жүрүп жатат.
"С.Э.М. жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн милдеттерине карабастан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, баюу максатында "Орто-Сай" базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген. Аны менен катар эле ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү такталды", — деп билдиришти УКМКдан.
Комитеттен салык кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде кассага көзөмөл кылган машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизип жатат дешти.
2023-жылдын 13-декабрында козголгон кылмыш иштин алкагында чогултулган материалдардын негизинде С.Э.М. кармалып, Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыр бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды табуу жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтышты.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2023
"Дордойдо" коррупциялык схема түздү деп шектелген 5 салыкчы иштен алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0