2025-жылга чейин Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча ачуу пландалууда

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүБала бакчадагы окуу оюнчуктары. Архивдик сүрөт
Бала бакчадагы окуу оюнчуктары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
Беш миңден ашык тарбиячы туруктуу жумуш менен камсыз болору да айтылды.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жакынкы бир жарым жылда Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча ачуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жыл жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бакчалар Дүйнөлүк банктын каражатына ачылып, ал жакта 40 миңден ашык бөбөк тарбияланат. Андан сырткары, беш миңден ашык тарбиячы туруктуу жумуш менен камсыз болору белгиленди.
Бул 560 бакчанын ичинен 290унда оңдоо иштери башталганы кошумчаланды.
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Радио
Турдубаева: "Ата-энелер мектеби" ата-эне менен мектептин алакасын чыңдайт
Жаңылыктар түрмөгү
0