Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ЕАЭБ ичиндеги өндүрүшчүлөргө каралган жеңилдиктер тизмектелди

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова ишкерлерге Евразия экономикалык биримдигинин алкагында көрсөтүлүүчү жеңилдиктер тууралуу айтып берди.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүшчүлөрү бири-бириндеги мамлекеттик сатып алууларга тең укукта катыша алышат. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
ЕАЭБ ичиндеги өндүрүшчүлөргө каралган жеңилдиктер тизмектелди
Анын айтымында, уюм алкагында өнөр жай тармагындагы ишкерлерге да жакшы мүмкүнчүлүктөр каралган.
"ЕАЭБ — жаңыдан түзүлгөн уюм. Анда иштер эми гана башталып келе жатат. Ошого карабай алгылыктуу, сөз кыла турган маселелер бар. Мисалы, уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда бири-биринде мамлекеттик сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн тендерге каалаган ишкер катыша алат. Алсак, кыргызстандык фирма Беларустагы мамлекеттик сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн тендерге өз кызматын же товарын сунуштагысы келсе, ал жактагы өндүрүшчүлөр менен тең укукта эле катыша берет. Бул — чоң рыноктун пайда болгонунун белгиси. Мындан сырткары, жеңил өнөр жай багытында да жакшы мүмкүнчүлүктөр каралган. Өндүрүлгөн товарлар ЕАЭБ ичинде мамлекеттик пошлинасы жок экспортко чыга берет. Ошондой эле уюмга кирген үч же андан көп мамлекеттик ишкерлер биригип өндүрүш тармагында долбоор түзсө, ал интеграциялык долбоор болуп эсептелип, эл аралык кооперация статусун алат да, уюм тарабынан түрдүү жеңилдиктерге ээ болот", — деди Акимова.
Ал ЕАЭБ өлкөлөрү энергетика, транспорт жана финансы багыттарында суверендүү чечимдерди гана кабыл аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0