Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Суу ресурстары боюнча бирдиктүү маалыматтык база иштелип чыгууда

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касеинов суу ресурстарын пайдалануу саясаты тууралуу айтып берди.
Суу ресурстары боюнча бирдиктүү маалыматтык база иштелип чыгууда. Бул тууралуу Кубат Касеинов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Суу ресурстары боюнча бирдиктүү маалыматтык база иштелип чыгууда
Анын айтымында, 2040-жылга чейинки суу стратегиясы иштелип чыкты.
"Президенттин жарлыгы менен жер жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөн. 2022-жылы биринчи отуруму болуп, анда 2040-жылга чейинки суу стратегиясын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Стратегия сууну сарамжалдуу пайдалануу, коргоо жана аталган тармакты реформалоону камтыды. Республиканын суу ресурстарын бассейндик принцип менен башкаруу боюнча тескеме чыкты. Натыйжада өлкөдөгү суу ресурстары беш бассейнге бөлүнүп, чек аралары аныкталды. Аларды башкаруу үчүн бассейндик кеңештер түзүлүп, ага бардык каалоочулар кирүүгө шарт түзүлдү. Буга чейин сугат жана таза сууну колдонууга маани берилгени менен суу ресурстарынын калганына тийиштүү деңгээлде көңүл бурулган эмес. Ошондуктан сууга акы төлөөнү киргизүүдөбүз. Алсак, тоо-кен тармагындагы компаниялар 2 700 метр бийиктиктен жогорулары суунун бир кубу үчүн 100 сом, ал эми 2 700 метрге чейинкилери 60 сомдон төлөшөт. Калган өндүрүштүк ишканалар 2 сом 30 тыйындан төлөшөт. Бул норма киргизилгенден бери 725 миллион сом бюджетке түштү. Мындан тышкары, учурда суу ресурстары боюнча бирдиктүү маалыматтык база иштелип чыгууда. Ал бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болот", — деди Касеинов.
Ошондой эле министрдин орун басары эл аралык мамиледе дагы сууну ресурс катары кароо мезгили келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0