Жаңы 200, 500 жана 1000 сомдуктар "Жылдын банкнотасы" сынагынын лауреаты болду

© Фото / пресс-служба НБ КРКыргызстандын валютасынын жаңы банкноталары. Архивдик сүрөт
Кыргызстандын валютасынын жаңы банкноталары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Жазылуу
Бул серия жүгүртүүгө ушул жылдын 10-майында чыккан.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Улуттук валютанын бешинчи сериядагы 200, 500 жана 1000 сомдук купюралары эл аралык "Жылдын банкнотасы" аттуу сыйлуу сынактын лауреаты болду. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Эскерте кетсек, бул серия жүгүртүүгө ушул жылдын 10-майында чыккан.
"Жылдын мыкты аймактык банкнотуна сынак 4-6-декабрда Шри-Ланкадагы эл аралык High Security Printing конференциясынын алкагында өткөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
High Security Printing — банкнота басып чыгаруу, коргоо элементтери сыяктуу маселелерге арналган ар жылы өткөрүлүп келе жаткан ири аймактык конференция.
Мындан тышкары, бешинчи сериядагы жаңы банкноталар БАЭде октябрда өткөн Mint & Print Conference эл аралык конференциясында "Улуттук банктын банкнота чыгаруудагы инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу" номинациясында атайын сыйлык алган.
500 сом купюрасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2023
Кыргызстандык купюра өз номиналынан 41 эсе кымбат сатылууда. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0