Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунун балдар аянтчасы мэрияга өттү

© Sputnik / Акылбек БатырбековПроблема с автомобильными заторами в Бишкеке
Проблема с автомобильными заторами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
Оюн-зоок аянтчасынан түшкөн каражат шаардык бюджетке кетет.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунун 344 миллион сомго бааланган балдар аянтчасы мэрияга өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, тергөө учурунда 2007-жылы "Э.И.Г." компаниясына Тынчтык проспектисинде жайгашкан 2,16 гектар жер коомдук-соода борбору бар көп кабаттуу комплекс куруу үчүн 49 жылга ижарага берилгени аныкталган.
"Бишкек мэриясы койгон шартка ылайык, ижарачы курулган имараттын 10 пайызын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү милдеттенмесин алган. Бирок 2017-жылы "Э.И.Г." компаниясы пайда көрүп, милдетинен качуу үчүн 1,047 гектар участогун колдонуу укугун "Т.И." ЖЧКсына сатып жиберген. Ал ишкана "Ала-Арча" соода борборун куруп койгон. Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн комплекстик иш-чаралардын алкагында "Т.И." "Ала-Арчанын" 3-кабатында жайгашкан балдар үчүн курулган оюн-зоок аянтчасын мэрияга өткөрүп берди", — деп айтылат маалыматта.
2000 чарчы метрлик аянт 344 миллион сомго бааланган. Оюн-зоок аянтчасынан түшкөн каражат шаардык бюджетке кетет.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө аракеттери жүрүүдө.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Ташиев акыркы 3 жылда мамлекетке 1,2 млрд. доллар кайтарылганын айтты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0