Курултайдын делегаты тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, залдагылар кол чапты. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкек шаарында өтүп жаткан II Элдик курултай
Бишкек шаарында өтүп жаткан II Элдик курултай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бүгүнкү II Элдик курултайда делегат Элнура Жуманова желекти өзгөртүүгө каршы экенин айтты. Залда отургандар аны кубаттап көпкө чейин кол чаап турушту.
Аталган делегат Жалал-Абаддан шайланып келген.
"Кыргыздын кызымын, туунун өзгөрүшүнө каршымын!" — деди Жуманова.
Ал эми Баткенден келген Жумабек Абдипатта уулу жанында отурган президентке кайрылып, калың элде резонанс жараткан туу маселесине пикирин билдирип коюуну суранды.
Дагы бир делегат Асанбек Абдыкапаров 1992-жылдан бери туудагы "күндүн нурубу же күн карамабы" деген талкуу күчөп жатканын айтты. Ал Жогорку Кеңеш муну жакшы изилдеп чыгып чечим кабыл аларына ишеним арткан. Бирок залда отургандар анын так кесе айтылбаган сөзүнө нааразы болуштубу, айтор, уу-дуу түштү.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов желектин ичиндеги айрым белгилерди өзгөртүүнү сунуштап, парламент мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да желекти өзгөртүүнү колдой турганын билдиришкен.
Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы митинг  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2023
Бишкекте тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүп жатат. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0