Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Департамент: Кыргызстанда туристтик бизнестин 60%дан ашыгы көмүскөдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовТуризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова өлкөгө келген туристтердин саны, максаты, кандай шартта эс алып жатканы тууралуу маалымат алуу үчүн санариптик инструмент киргизүү каралып жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда туристтик бизнестин 60 пайыздан ашыгы көмүскө иштейт. Ошол себептен чет элдик меймандардын кандай багытта зыярат кылганы тууралуу толук маалымат алуу кыйын экендигин Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Департамент: Кыргызстанда туристтик бизнестин 60%дан ашыгы көмүскөдө
Анын айтымында, эгерде туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер ачык иштеп, салык төлөп, бардык талаптарды аткарса туризмдин абалын аныктоого мүмкүн болмок.
"Кыргызстанда туризмдин бир топ түрүн өнүктүрүп, аны жакшыртуу керек. Эң негизгиси, туризмдеги инфраструктураны оңдоо зарыл. Тилекке каршы, Кыргызстанда туристтик бизнестин 60 пайыздан ашыгы көмүскө иштейт. Ошол себептен чет элдик меймандардын кандай максатта келгени тууралуу толук маалымат алуу кыйын. Ишкерлердин кандай киреше көрүп, эмне көйгөйү бар экенин аныктап, тиешелүү чараларды кабыл алууга да оңой болмок. Муну иретке келтирүү үчүн абдан чоң механизм керек болуп турат. Эгерде туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер ачык иштеп, салык төлөп, бардык талаптарды аткарса мамлекеттин казынасы да толукталмак", — деди Кенжематова.
Ошондой эле адис Кыргызтанга чет өлкөдөн рекреациялык туризмге келгендердин саны өсүп, ден соолугун чыңдоого көңүл буруп жатышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0