Учактын кыймылдаткычы кароосуз жатабы? "Манаска" жакын жерден тартылган видео

© SputnikМеждународный аэропорт "Манас"
Международный аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2023
Жазылуу
Мындан мурдараак интернет айдыңында видео пайда болгон.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан аталган жайдан алыс эмес жерде жаткан самолёттун бир бөлүгү (кыймылдаткычы) боюнча түшүндүрмө беришти.
Мындан мурдараак интернет айдыңында таңгалган жарандын учактын кароосуз жаткан бөлүгү боюнча видеосу пайда болгон.
Аба майданынан бул "Эйр Кыргызстан" компаниясына караштуу Boeing 737-200 учагынын кыймылдаткычы экендигин айтышты. Учурда бул фирма боюнча банкроттук жараяны жүрүп жатканын билдиришти.
Компания мүлктөрүн, анын ичинде учагын июль айында саткан. Бүгүн "Эйр Кыргызстандын" өкүлдөрү аэропорттун аймагынан суроо жараткан кыймылдаткычты алып чыгып кетишкен.
Эл аралык Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Кыргызстан Эл аралык жарандык авиациянын аудитинен ийгиликтүү өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0