Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Алиев: "Аялдар ден соолугу" аттуу акция жыйынтыкталды

© Sputnik / Асел АкматВрач-маммолог Национального центра онкологии и гематологии Ибрагимбек Алиев
Врач-маммолог Национального центра онкологии и гематологии Ибрагимбек Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунун онкологу, маммолог, жогорку категориядагы дарыгер Ибрагимбек Алиев барган сайын ден соолугун караган аялдар көбөйүп жатканын айтты.
Кыргызстанда 1-октябрдан 31-октябрга чейин "Аялдар ден соолугу" аттуу бир айлык акция өттү. Бул тууралуу Ибрагимбек Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Алиев: "Аялдар ден соолугу" аттуу акция жыйынтыкталды
Анын айтымында, аталган акциянын алкагында 400 миңден ашык аял профилактикалык кароодон өттү.
"Бул долбоордун максаты — маалымдуулукту жогорулатуу жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү аркылуу аялдар арасында жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана эрте диагностика коюу. Анткени өтүшүп кеткен ооруну дарылоого караганда аны алдын алып, дарылоо жеңилирээк. Мындай акциялар элдин маалыматын жогорулатууга шарт түзөт. Аялдар профилактикалык кароодон өтүп, ден соолугунда кандай маселе бар экенинен кабардар боло алат. Аталган акция жыл сайын Кыргызстан менен бирге эле дүйнө жүзүндө уюштурулуп келет", — деди Алиев.
Ал аялдарды маал-маалы менен текшерүүдөн өтүп турууга чакырып кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0