Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Амираев: 1-январдан тарта куруучулар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет

© Sputnik / Асель СыдыковаАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Жазылуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев агенттик курулуп жаткан объектилердин реестри боюнча маалыматты үзгүлтүксүз жаңылап турарын айтты.
Министрлер кабинетинин токтому менен көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк объектилерин курууга катышуу жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу Максат Амираев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Амираев: 1-январдан тарта куруучулар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет
Анын айтымында, мамкурулуш курулуп жаткан объектилердин реестри боюнча маалыматты үзгүлтүксүз жаңылап турууну жана маалыматтардын ачыктыгын камсыздайт.
"Бул жобо 2024-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Ага ылайык, курулуш объектисин реестрде каттабастан жарнамалоого жана кардарлардан каражат тартууга тыюу салынат. Ошондой эле компания менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин параметрлери, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү зарылдыгын аныктоо, уставдык капиталга, финансылык отчётторго карата талаптар бекитилди", — деди Амираев.
Ал талаптар жаӊы курула турган объектилерге карата колдонуларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0