"Эр Төштүк" дастаны тууралуу 10 факт. Жомоктон эпос деңгээлине көтөрүлгөн

© Фото / Замир Илипов"Эр Төштүк" эпосундагы Маамыттардын образдары - Толубай-сынчы. Архивдик сүрөт
Эр Төштүк эпосундагы Маамыттардын образдары - Толубай-сынчы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2023
Жазылуу
Чыгарма элдин байыркы турмушун жана байыркы мифологиялык көз карашын чагылдырат, анда гуманисттик бийик идеялар алдыга чыгарылат.
Кыргыз эли бай чыгармачылык мурас калтырган, анын ичинде күндөп-түндөп, жумалап, айлап айтылуучу "Манас" эпопеясы бар. Алардын ичинен сюжеттик курулушу, окуяларынын укмуштуулугу, кызыктуулугу жагынан "Эр Төштүк" эпосу өзгөчөлөнүп турат. Биз бүгүн ошол "Эр Төштүк" дастаны тууралуу сөз кылабыз.
Дастан жөнүндө алгы сөз. "Эр Төштүк" эпосунда башкы каармандын жети кабат жер астына түшүп, жез кемпирлер, жалгыз көздүү дөөлөр, алтымыш кулач ажыдаарлар, сыйкырдуу буюм-тайымдар, ар кандай касиетке ээ Мамыттар менен жолугушуусу, кара күчтөр менен кармашып, жер алдындагы элди Көкдөөнүн эзүүсүнөн куткарышы, Алп кара куштун жардамы менен кайра жер үстүнө чыгышы сыяктуу эпизоддор сүрөттөлөт. Эгерде кыргыздардын көптөгөн элдик дастандарында башкы каарман сырттан келген жоо менен кармашып согуштук окуялар чагылдырылса, мында жер астында кул болуп жаткан элди төрт Маамыт, Конокбай, минген аты Чалкуйрук ж.б. адамдардын жана жаныбарлардын жардамы менен азаттыкка чыгарат. Эр Төштүк окуясы кара сөз түрүндө элдик жомок катары кыргыздардан тышкары казак, башкырт, азери, алтай, татар элинде да айтылып жүргөн. "Эр Төштүктүн" алгачкы кагазга түшүрүлүүсү 1869-жылга туш келет, немец тектүү орус фольклорчусу В.В.Радлов текстти жазып алып, кыргыз сөзүн европалык окурмандарга тааныштырган. Чыгарманын жомоктук варианты 1976-жылы "Кыргыз эл жомоктору" деген жыйнакка басылып чыкты. Жомоктон өйдө көтөрүлгөн монументалдуу эпос деңгээлине жеткен формасы кыргыздарда гана учурайт жана анын ыр түрүндөгү варианты атактуу манасчы Саякбай Каралаевден жазылып алынган. Эпостун башталышында "Манастагыдай" Көкөтөйдүн ашындагы Эр Төштүк тууралуу айтып, анан атасы Эламанга өтөт.
Тогуз уулдуу Эламан. Эламандын байлыгы төрт тарапка жайылган малы менен өлчөнгөн. Ошону менен бирге тогуз уулу бар экен да, алар тил албаган, айдаган жакка баспаган, айбан чалыш болуп өсүптүр. Эламан карый баштаганда балдары жылкы артынан кетип, түгү калбай түгөл тентип кетиптир. Уламадан уласа, билгендерден сураса балдары көчүп-конгон айыл жок, биринен да дайын жок. Төгөрөктү төрт айлана издептир ата кургур. Эламан карыгында мал азабын тартыптыр, кузгундай көзү кызарып, куу сакалы узарып, эки көзү ириңдеп, токтобой мууну зирилдеп, көкүрөгү кирилдеп, мууну кетип былкылдап, көзү кетип жылтылдап эл ичинде "куу баш" атка конуптур. Бир күнү кемпирине келип, бармактайда баш кошконун, биттей кезде бириккенин айтып, эми уулу жок калганына зарлайт. Токсон төөгө дилде артканын, балдарды таппай сандалганын, куу баш болуп туяксыз өтүп кетип жатканын айтып көзгө жаш, көкүрөккө дарт алат. Тоодогу токсон сан, адырдагы алты сан жылкынын ээси жоктугун, өзү бир күн тоңкоюп кетсе тосуп алар киши жогун айтат. Абышкасынын арманын аябай тыңдап туруп кемпири ушундай көп малды талак кылып таштап, касиеттүү мазарларга барып сыйынып бала тилейли дейт. Экөө малын жокко санап, жөө тентип, ай-ааламды сыдырды, касиеттүү делген мазардын баарын кыдырды. Бир баланын айынан кымыз ичпес Эламан кызыл сууга зар болду, таманы ташка оюлду, буудай батпас оозго буканын башы чак келди, таруу батпас оозго тананын башы чак келди, каны калды бир кашык, эти калды көк жашык. Медиен чөлүнөн өткөндө Баабедин деген мазарга кез келди. Чук-Теректин түбүндө, аккан булак боюна келип, кемпири ыйлап, Эламан мойнуна курун салынып, бала тиленет. Бир убак чырм этип, анан алп уйкуга кирди.
Кырчын капчыгайында улуттук кийимчен чабандес. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
"Эр Табылды" дастаны тууралуу 12 факт
Эламандын түшү. Түшүнө токсон жашка келген, башына ак селде кийген Кызыр кирет. Ал кудайдан буйрук алып, бала берүүгө арачы болуп жүргөнүн, бир жагында тогуз алма, бир жагында чоң бир алма турганын айтат. Ошол жалгыз алманы жесе, бир бала туулат, аты Төштүк коюлат. Ал бала отко салса күйбөйт, сууга салса чөкпөйт, атса мылтык өтпөйт, чапса кылыч өтпөйт. Ушинтип айтат Кызыр ата. Алманы берет да, ал адам көздөн кайым болот. Ошол кезде кемпир-чал кучакташып турушат, кусул сууну куюшат... Элине келип, малдуу болот. Арадан бир топ жыл өтүп, кемпири боюна көтөрөт.
Эр Төштүктүн туулушу, бала кези. Айткандай эле бала туулуп, аты Төштүк коюлду. Тоюна токсон союлду, ат чаптырылып, ааламдын баары чогулду, мойнуна тумар тагылды, элүү кара торпок садага айтылды, бала күн тийбес жерге багылды. Эр Төштүк он экиге келгенде катылышкан адамдарды карсылдатып сабады, найзага ыктуу болду. Бир жолу уй саап аткан эненин баласы андан коркуп качып калса, ачуусу келген энеси: "Эламандын баласы, каарды катуу баштадың, ойноп чыккан балдарды оңдурбай кырып таштадың, ойноп жүргөн балдарда тогуз агаң өчү жок, томпойттуң кыйла балдарды, тогузуңдун көчү жок, тентиген атаң бала үчүн, жоголгон агаң мал үчүн, каарды катуу баштадың, кара жолтой оңбогур, канчасын кырып таштадың", — деп келип, "андай кыйын экенсиң жоголгон агаларыңды таап ал, кытай менен манжууну чаап ал" деп тагдырын айтып, аябай ардантат. Төштүк агаларын табууга ант берет. Издеп жөнөйт. Бир жерден табат. Жылкылары жердеги чөптөй көбөйүптүр, агалары айбанга окшоп калыптыр, жамынганы жылкы териси, кайтаргандары туш тарапка тозуп качат, тогуз уулдун улуусу ак сакалдуу болуптур, ортончусу көк ала, кичүүсү кара сакал. Ушунча жылкыдан кысыр тай соё албай арыкташыптыр. Эр Төштүк Кашкардан тогуз чепкен алдырган экен, кандагай шым тиктирген экен, аларын кийгизди бир туугандарына, жаа менен алты кысыр, кырк байтал атып, тамак кылып тартты алдыларына. Жорго мингизди, жуундурду. Анан алар оңолуп, бу баланын тууганы экенин билди. Бир топтон кийин Төштүк тигилердин теги-жайын сураса, улуусу эптеп эстеген болуп айлы кыпчак, атасы Эламан экенин, энеси Күлайым экенин, жери Кең Кашкардын ары жагы, Кебез-Тоонун бери жагы экенин айтат. Кийинки эпизоддордо Төштүктүн перинин кызына жолукканы, тогуз уулдун айлына келиши, аларды үйлөйм деп тогуз кыздуу Сарыбайга жолугушу айтылат.
Желмогуз кемпир. Бир күнү аябай дагы байыган Эламан адырдагы жылкыларын айдап жүрсө суу үстүндө калдактап бир өпкө агып келет. Аны көрүп Эламан "берейин деген кулуна, белен кылат жолуна, муну алып Даңгыт менен Маңгытты бир тоюнтуп салайын" деп укурук менен аны сайды эле, өпкө жарылып, ылдый ага берди, дагы жетип сайса, ал боюнда жети башы бар кемпир болуп калды. Анан кемпир Эламанды кыраан алптай илип, ак төшүнө минип, мурутун булкуп, сакалын жулкуп ыргытты. Аман калам десең сураганым бергин дейт. "Желгениме жел жетпейт, басканыма мал жетпейт, денемде жети башым бар, жаны жок соку атым бар, ал сокуну айдаган сок билегим дагы бар, сендейден сексен миң чал келсе, соро турган алым бар" деп чалдын башын чымчыктай үзө турганын айтат. Эламандын оозунан өжөк-өжөк кан кетти. Токсон сан топозун, өрүш толгон жылкысын, матоо толгон төөсүн, короо толгон коюн, желе толгон уюн бермек болот. Антсе кемпир сен өлгөндө малың меники болбогондо кимдики болот дейт. Байбичемди берейин дейт. Антсе кемпир сен өлгөндө байбичең меники болбогондо кимдики болот дейт. Тогуз уулду берейин дейт. Антсе кемпир сен өлгөндө тогуз уулуң меники болбогондо кимдики болот дейт. Акыры кемпир максатын айтат: "Сөзүңө кулак салайын, как баш, Төштүктү берсең алайын, как баш, Төштүктү берсең кетейин, как баш".
Эламандын Эр Төштүктү желмогуз кемпирге жибериши. Эламан бир күнү өгөөнү журтка таштап унутуп калганын айтат, аябай ага кейийт, анткени ал Эр Төштүктүн жаны экен, муну угуп атасына кайрат айтып, аны алып келүүгө уулу өзү бармак болот. Өз кайратым барында өгөөнү тартып аламын, эгер жеңилип калсам кайып болуп кетермин дейт да, жөнөмөк болот. Эр Төштүктүн бара жатканын көргөндө эл бизге бир келген дөө эле, урушка салбай калдык, эрдигин ээрчип жүрүп көрбөдүк деп арман кылат. Жубайы Кенжеке менен кошулганына жети гана күн болгон экен, нур чырайлуу кызыл бет, кан чырайлуу кызыл бет жашка жуулуп, тасмадай бели ийилип, эликтен бетер түйүлүп күйөөсүнүн айбан басып, куш учпас, адам кирсе чыккыс жерге кетип баратканын айтып ыйлайт. Өзү тиккен чайиңги тонун кийгизет, Чалкуйрук деген атты тартуу кылып, өзү жасаган жабуулар менен жаап мингизет. Атасы Сарыбайдан калган сыйкырдуу алтын сака сунат, күлазыгын жана да наркескенин берет. Чалкуйрук жолдо адамча сүйлөп Төштүккө акыл үйрөтөт. Өгөөнү ээлеп олтурган кемпирге барганда "ассалоома алейким, эне киши" деп айткын, "алеким салоом алеки, бала киши" деп ал айтканда, "энеке, өгөөнү алып берчи" де, ал айтат: "Турсам, отура албайм, балам, отурсам, кобо албайм, балам, белим бекчейген, көзүм чекчейген, балам! Тишим сары болгон, өзүм карып болгомун, балам!" Сен анда "түшсөм мине албайм, минсем жерге түшө албайм, ашка жетпей чала болдум, өзүм жетим бала болдум, өгөөнү сен эле алып бер!" деп айт дегендей көп нерсени үйрөтөт. Чалкуйрук үйрөткөндөй кылып, амал менен Эр Төштүк өгөөгө жетет да, алып жөнөйт. Аны кемпир соку минип, сок билегин камчылап кууп алат, Чалкуйрук баскан жери быркырап, аркардай арыш чойгондо, учуучудай дыркырап, койдой эти бөлүнүп, казандай оозу ачылып, капталдан канат чачылып закым болуп көрүнүп куштай сызат. Көпкө куушуп жете албаган соң желмогуз кемпир амал менен жерди жарып иет. Эми бүгүн көргөн эртең жок, жерге кирди Эр Төштүк, жарыкчылык шоола жок көргө кирди Эр Төштүк, адам кайра чыккысыз орго кирди Эр Төштүк...
Этнофестивалдын катышуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Курманбекке атасынын ат бербей коюшу. 40 жигиттин чыккынчылыгы. 7 факт
Эр Төштүктүн төрт Маамытка жолукканы. Жер астынан Эр Төштүк бир эрбең-сербең караанды көрөт, жолдош кылып алайын деп ага жакын барат, "тикилдеген сөзү бар, тик караган көзү бар, жан казандай башы бар, кылдан ичке мойну бар, арыш уруп чуркаса, адам кууп жеткисиз күлүк" экен, мойнуна тегирмен ташты илип алыптыр. Бул неме өзүн Жейрен секиртпес Маамыт деп таанытты. Ал кабарчыдан кеп укканын, жер үстүнөн Төштүк келе жатканын билип, ал келсе "желгениме жел жетпейт, басканыма мал жетпейт, куланды куусам куткарбайм, жээренди куусам жеткирбейм, Эламандын сырттаны Төштүк келсе бул жерге жөө күлүк болуп берем деп" күтүп жүргөнүн айтат. Экөө дос болуп, бирге жолго чыгат. Андан ары барса бирөө эле "чоңдугу борчук сеңирдей, кармаша кеткен адамды, тири койбой жегидей, жерди тыңшап жээлигип, өөдө-төмөн тоңкоңдоп, качып жүрөт элеңдеп". Бул Төштүктү күтүп жаткан Жер тыңшаар Маамыт экен. Аны менен дос болот. Дагы ары барышса бирөө турат, "атка минсе кишидей, жөө жүрсө оңбогур желмогуздун тишиндей, карыш болгон бою бар, ай ааламдын баарысын, биле турган ою бар". Адамдан жеңил, сөзгө эптүү бул неме өзүн Куюн көтөн Маамытмын дейт. Ал Төштүккө Көкдөө, анын жолдошу Жети баштуу жезкемпир, кызы Күлайым тууралуу айтып, экөө кучакташып дос болот. Андан ары барышса келе жаткан киши "Алп мүчөлүү эр экен, Күн чыгыш менен Күн батыш, тиктеп көрүп жүрүүчү, көрөгөчтүн өзү экен". Бул Көрөгөч Маамыт менен да дос болот. Маамыттар менен эрчишип Эр Төштүк тоодой болуп андан ары кетет.
Төштүк баатырдын жер астынан Жолборс, Аюу, Кумурска менен жолугуп, дос болгону. Бир жерге барышса чыркыраган үн чыгат, жакындашса Жолборс экен, ал "өчкөн бир отум тамызчы, Төштүк, өлгөн жаным тиргизчи, Төштүк, суусап кеттим, суу берчи, Төштүк, эңкейип барам, эт берчи, Төштүк" деп жалынып, марал кууп жүрүп, таш жеп, томугунан жараат алып кыйналып жатканын айтат. Төштүк "элимен азган мен арстан, бутунан азган бул арстан" деп анын бутуна кирген чөңөрдү алып, ага жакшылык кылат. Бул жакшылыгы үчүн ак жолборс мурутунан бир тал үзүп берип, жардам керек болсо аны түтөтсө кайдан болсо келерин айтып, коштошуп кетет. Андан ары дагы бир жерге барышса Аюу орго түшүп адамча сүйлөп өкүрүп жатыптыр, ага кырк кулач аркан ыргытып ордон сууруп чыкты. Кызматы үчүн аюу сыйкырдуу мурутун жулуп берди. Төштүк андан кийин дагы жол жүрдү, жол жүргөндө мол жүрдү, ээрчиткени Маамыттар. Түз талаага барышса, уюгу менен кумурска өрттө калыптыр. Аны куткарганда кумурсканын паашасы бир бутун Төштүккө жулуп берет.
Көкдөөнүн кызы Күлайым. Жердин алдын сураган Көкдөө деген хан экен, анын зордугу тоонун теңиндей, ким кездешсе жегидей. Ошол хандын үч кызы бар экен, кичүү кызы Күлайым жер үстүндө жашаган Төштүктү сүйүп калып, аны алып келүү үчүн Желмогуз кемпирге ат башындай алтын тартуу берген экен. Ошентип келип калыптыр. Күлайым Эр Төштүккө жолукканда ага ашык болуп жүргөнүн, арзуусу үчүн эмнелерди гана кылбаганын бүт айтып берет. Төштүк жер астынан жалгыз көздүү желмогузду өлтүрөт. Көкдөөнүн кенжеси Күлайымды аялдыкка алат. Көкдөө үч кызынын күйөөлөрүнө ар кандай тапшырмаларды берет, чаар бээнин кырк жылдан бери жоголгон куландарын таап келгиле деген тапшырмасын аткарып, ал жактан ажыдаарды өлтүрүп, Алп кара куш менен дос болот. Дагы да көптөгөн сыноолордон достору Маамыттар, Жолборс, Аюу, Кумурсканын жардамы менен өтөт. Чалкуйрук Итичпестин Ала көлүндөгү казанды сүйрөп чыгат. Төштүк Жез кемпирдин уулу Карадөөнү өлтүрөт. Анан Көкдөөнү өлтүрүп ордуна баатыр жигит Конокбайды хан көтөрөт. Чоюн кулак алпты жеңет. Күчүнөн тайыганда Алп кара куш досу жутуп жиберип, кайра күчтүү кылып кусат.
Эр Төштүктүн жер үстүнө чыгышы. Жети жылдан кийин Төштүк жер-ааламды кыдырып жерине келет. Анын келгенине жетине албай, картайып чөгүп калган атасы Эламан жердин түбү Желпиништен бери эл чакырып тойго камынат. Аялы Кенжеке ак сарай салат, анысын канча адамдар тартып аламын деп келсе да, тарттырбайт. Эр Төштүктүн тоюна арналган эпостун эпизоддорунда "Манаста" айтылган Катагандын кан Кошой, эки Кемин жайлаган, эгиз кара ат байлаган Бейбит таз уулу эр Үрбү, Сары-Арканы жердеген, көргөн адам, уккан жан, салмактуу кыйын эр деген Айдаркан уулу эр Көкчө, Буудайык уулу Музбурчак, Анжиянды сураган ача сакал Сынчыбек, Маргаландын Малабек ж.б. каармандар менен кездешебиз.
Кырчын капчыгайында улуттук кийимчен чабандес. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
"Эр Табылды" дастаны тууралуу 12 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0