Быйыл 9 айда Кыргызстандан 360 млн. доллар сыртка которулду

© AFP / DANIEL MUNOZЖүз долларлык купюра. Архивдик сүрөт
Жүз долларлык купюра. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2023
Жазылуу
Чет жактан келген акчанын агымы чыккан суммадан алда канча көп.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстандан чет өлкөгө 360 миллион 50 миң доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банктын статистикалык маалыматында көрсөтүлгөн.
Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялары тууралуу болууда. Каражат ар кандай валютада которулган, Улуттук банк алардын баарын доллар түрүндө көрсөтөт.
Январь-сентябрь айларында сырттан келген акчанын агымы адаттагыдай эле чыгарылган суммадан алда канча көп — 1 миллиард 437,6 миллион доллар.
Эске салсак, былтыр ушул мезгилде сыртка которулган каражат 779,3 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2022-жыл ичинде бул сумма рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Өсүүлөр апрелде башталып, эң көп каражат — 170 миллион доллар сентябрда чыгарылганы байкалган.
Доллар жана рубль. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2023
Кыргызстанда акча которуулар 9 айда 774 миллион долларга кыскарды
Жаңылыктар түрмөгү
0