Путин Россияны Батыш кантип бөлүп-жарууну көздөгөнүн айтып берди

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин. Архив
РФ президенти Владимир Путин. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2023
Жазылуу
РФ лидери АКШдагы белгилүү саясий ишмер Збигнев Бжезинкийдин сөзүн мисал келтирген.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Батыш Россияны майдалап бөлүп, өзүнө багындырып, ресурсун пайдалануу менен кыйроого учуратууну көздөгөн. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасында билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Путин 2000-жылдардын башында дүйнө жүзү Россиянын өзгөргөнүн түшүндү деп ойлоп жаңылышканын, чындыгында Батыш СССР кыйрагандан кийин Россияны биротоло талкалоону көздөгөнүн белгилеген. Анын айтымында, калкы көп мындай өлкө Батышка керек эмес болчу.
"Андан көрө АКШдагы белгилүү саясий ишмер Бжезинкий айткандай Россияны беш бөлүккө бөлүп, ар бирин багынтып, ресурсун пайдалануу оң болмок. Бирок ал беш бөлүк бирдиктүү Россия мамлекети сыяктуу улуттук кызыкчылыгын көздөй алмак эмес. Мен Батыштын бул максатын кийинчерээк гана түшүндүм. Алгач өтө баеолук менен мамиле жасап жүрүптүрбүз", — деди Путин.
Прямая линия и большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Путин Батыштын ачуу сөзүнө көңүл бурбоого эмне жардам берерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0