Ысык-Көлдө маршрутка менен жеңил унаа кагышып, айдоочулары мүрт кетти. Видео

© AFP / JOE RAEDLEАвариянын кесепетинен талкаландаг автоунаа. Архивдик сүрөт
Авариянын кесепетинен талкаландаг автоунаа. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2023
Жазылуу
Жол инспекторлору айдоочуларды тайгак кезде өтө этият болууга чакырды.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Каракол — Түп унаа жолунун Михайловка айылына бурулган жерде жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Ал эми тогуз киши ар кандай жаракат алып, облустук жана райондук ооруканаларга жеткирилди. Бул туурасында Ысык-Көл облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-декабрда, саат 10:30дар чамасында жүргүнчүлөрү менен бараткан Mercedes-Benz Sprinter бусу Mazda Xedos унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең мүрт кеткен. 43 жаштагы Т.А. Каракол — Балыкчы каттамы боюнча маршрутка айдап иштечү, ал эми жеңил унааны башкарып бараткан маркум 27 жашта болгон.
Жол инспекторлору айдоочуларды өтө этият болууга чакырды. Жолдор тайгак кезде катуу айдабай, аралыкты сактап, кооптуу бурулуштарда этияттап жүрүү зарылчылыгы эскертилди.
Ошол эле учурда жөө жүргөндөргө да кайрылып, белгиленген жерлерден гана өтүп, телефонго алаксыбай, караңгыда жарыкты чагылыштарган элементтери бар кийимдерди кийип чыгууга үндөдү.
Жол кырсык. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Сузактагы жол кырсыктан ымыркай жабыркап, энеси каза тапты
Жаңылыктар түрмөгү
0