Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Россиядан келген 1,2 тонна ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат

© Sputnik / Асел АкматДиректор департамента социальной защиты Министерства труда, социальной защиты и миграции Актан Балбаков
Директор департамента социальной защиты Министерства труда, социальной защиты и миграции Актан Балбаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин социалдык камсыздоо департаментинин директору Актан Балбаков келген азык-түлүктөр гуманитардык жардам эместигин белгиледи.
Россиядан келген 1,2 тонна ун жана 800 тоннадан ашык өсүмдүк майы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат. Бул тууралуу Актан Балбаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Россиядан келген 1,2 тонна ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат
Анын айтымында, азыктарды алуу үчүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорго катышуу шарт.
"Россиядан 1,2 тонна ун жана 800 тоннадан ашык өсүмдүк майы "Өлкөнүн стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" программасынын алкагында келди. Аталган долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Келген азык-түлүктөр гуманитардык жардам иретинде берилет деп айтуудан алыспыз. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө инфраструктуралык, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн витаминдер менен байытылган ун жана өсүмдүк майы берилет. Долбоорго өлкөдөгү бардык айыл өкмөттөр катыша алат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өзүнүн айылы үчүн пайдалуу иш жасап, натыйжада акча эмес, азык-түлүк таратылмакчы", — деди Балбаков.
Ал Россиядан келген ун менен өсүмдүк майынын басымдуу бөлүгү 2024-жылы таратыларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0