БУУ өкүлү: Газа тилкесиндеги согушта жазасыздык өкүм сүрүүдө

© AP Photo / Ariel SchalitИзраилдин танкалары Газа тилкесинин түндүгүндө талкаланган имараттын жанында турат
Израилдин танкалары Газа тилкесинин түндүгүндө талкаланган имараттын жанында турат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Жазылуу
Гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин өлтүргөндүгү үчүн эч кандай жоопкерчилик албай калган учурлардын мынчалык көп болгону мурда кездешпегени айтылды.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. БУУнун башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс "Газа тилкесиндеги согуш улам өрчүп", жазасыздык өкүм сүрүп, гуманитардык миссия өкүлдөрү каза таап жатканын, андан улам атайын трибунал түзүү зарылдыгы жаралганын айтты. Бул туурасында РИА Новости анын Financial Times басылмасына берген маегине таянып жазды.
"Согушту биринчи вариант катары тандоо менен коштолгон жазасыз калуу эч качан мынчалык күчтүү болгон эмес. Гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин өлтүргөндүгү үчүн жазасыз калуу мынчалык көп болгон эмес... Жазасын албай калуу бул согушта гүлдөп жатканын байкап жатабыз", — деп билдирген Гриффитс.
Анын пикирине караганда, жоопкерчиликке тартуу боюнча жакшы тажрыйбалар атайын трибуналдарда көрсөтүлгөн.
"Кыязы, атайын трибуналды киргизүү зарылдыгы бар", — деген.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Израиль менен Палестинанын кырды бычак мамилеси 2023-жылдын 7-октябрынан тарта ХАМАС Израилге сокку урду делгенден тарта курчуп кетти. Мындан кийин анын жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган. Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Октябрдын аягында Израиль армиясынын анклавдагы операциясы башталган. Газаны кургактагы каршылаш тараптын күчтөрү курчоого алгандыктан анклав түндүк жана түштүк аймакка бөлүнүп калган.
Газа тилкесиндеги каза тапкандардын саны соңку маалыматтарда 18,7 миң кишиге жеткени, 50 миңден ашуун адам ар кандай жаракат алганы айтылды.
Ал эми жергиликтүү бийликтин билдиришинче, Израилден 1,2 миң киши көз жумган, 5 миң киши жарадар болгон.
ХАМАС Газа тилкесинде 200-250 туткун бардыгын айткан. Израиль бийлиги менен элдешүү мөөнөтү бүткөндөн кийин ХАМАСта 126 израилдик, 11 чет элдик калганын, уурдалган 110 адам бошотулганын билдирген.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери аймактагы кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израильдин бомбалоосунан кийинки Газа тилкесиндеги абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2023
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Бул апаат! Путин Газа секторундагы абал тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0